# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын №171 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын №171 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 171
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12704/edition/328194/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59022.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын №171 "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59022

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-апрели № 171

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы)

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ве-

домосттору, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо

киргизилсин:

1. 4-статьянын 3-пунктундагы ", депутаттык бирикмелер, Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын кеминде жети адамдан тур-

ган, бир дагы депутаттык бирикмесине кирбеген тобу" деген сөздөр алып

салынсын.

2. 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:

"13. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орун басарлары сот тартибинде

жүктөлгөн кылмыштык жана администрациялык жоопкерчиликке Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин макулдугусуз тартылышы мүмкүн эмес".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
