# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №170 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №170 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12703/edition/328193/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №170 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59021

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-апрели № 170

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республи-

касынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасы-

нын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 27-статьяда:

- 2-пункттагы "эки палатасынын" деген сөздөр алып салынсын;

- 4-пункттагы "эки палатасы" деген сөздөр алып салынсын.

2. 39-статьяда:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргызстандын банкынын төрагасы жети жылдык мөөнөткө Кыргыз

Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жо-

горку Кењеши тарабынан шайланат.

Төраганын орун басары жана башкарма мүчөлөрү жети жылдык мөөнөткө

Кыргызстандын банкынын төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын

Президенти тарабынан дайындалышат.

Кыргызстандын банкынын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн та-

лапкерлик ал Кыргызстандын банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу бо-

луп дайындалган күндөн тартып он күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Респуб-

ликасынын Президенти тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

киргизилет.";

- 2-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Кыр-

гызстандын банкынын башкарма мүчөсү отставка берген учурда тиешелүү

түрдө жањы башкарма мүчөсү ал дайындалган орундагы мурдагы кызмат ада-

мынын ыйгарым укугунун мөөнөтү аяктаганга чейин дайындалышы керек. Анын

ордун алмаштырган кызмат адамы кийин ыйгарым укуктардын толук мөөнөтүнө

дайындалышы мүмкүн.".

3. 45-статьянын 1-пунктундагы "эки палата" деген сөздөр алып са-

лынсын.

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
