Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-апрели № 169
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-
ликасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомостто-
ру, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 16-статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрү төмөнкүдөй редакция-
да берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы 5 жылдык
мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан шайланат.
Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасынын кызмат ордуна
талапкерлик ал Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасынын мил-
детин аткаруучу болуп дайындалган күндөн тартып 10 жумушчу күнүнөн ке-
чиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењешине киргизилет.".
2. 19-статьяда:
- 5-пункттун биринчи абзацындагы "дайындалган" деген сөз "шайлан-
ган" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы ээлеген кыз-
матынан Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бошотулат же четтетилет.";
- 7-пункттагы "дайындалган" деген сөз "шайланган" деген сөзгө ал-
маштырылсын.
3. 20-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторлорунун бүткүл курамы 5
жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан шайланат.".
4. 23-статьяда:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудиторлорунун ыйгарым
укуктарын убактылуу токтотуу же жањылатуу Кыргыз Республикасынын Прези-
денти тарабынан жүзөгө ашырылат.";
- 5-пункттун биринчи абзацындагы "дайындалган" деген сөз "шайлан-
ган" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору ээлеген кыз-
матынан Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу боюнча Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку Кењеши тарабынан бошотулат же четтетилет.";
- 7-пункттагы "дайындалган" деген сөз "шайланган" деген сөзгө ал-
маштырылсын.
5. 41-статьядагы "Улуттук коопсуздук кызматы" деген сөздөр "Улут-
тук коопсуздук боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-статья.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 117 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон