# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №168 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №168 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12701/edition/328191/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрелиндеги №168 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59019

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 23-апрели № 168

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"

Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри ушул мыйзам долбоорун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү

тууралуу

1-статья.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведо-

мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьяда:

- үчүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ички иштер органдарынын түзүмү жана Кыргыз Республикасынын Ички

иштер министрлиги жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Премьер-министри-

нин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекити-

лет.";

- төртүнчү бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ме-

нен кењешип" деген сөздөр алып салынсын.

2. 7-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"

деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаш-

тырылсын.

3. 10-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү"

деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаш-

тырылсын.

4. 21-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Ич-

ки иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз

Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.".

2-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
