# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 165 "2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 165 "2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 23.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59016>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12698/edition/328188/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59016.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-апрели № 165 "2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө" токтому (23.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59016

---

Бишкек шаары, Өкмөт үйү

2008-жылдын 23-апрели № 165

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз

Республикасынын жылуулук энергияга

орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө

Кыргыз Республикасынын экономикасынын жылуулук энергия секторун

туруктуу өнүктүрүү, стабилдүү жана ишенимдүү иштеши максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген: 2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын

жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары

министрлиги:

- облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарлары-

нын мэриялары менен бирдикте ушул токтомду түшүндүрүү боюнча чараларды

көрсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун аткарылышынын

жүрүшү жөнүндө өткөн мезгил үчүн отчетту жыл сайын 15-февралга чейин

берип турсун жана зарыл учурда тарифтерди оњдоо боюнча сунуштарды кир-

гизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-

рлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-

касынын Социалдык фонду менен бирдикте жылуулук энергияга тарифтер жо-

горулаган шарттарда калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык жактан

даректүү коргоонун механизмдерин белгиленген тартипте ишке ашырсын.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жылуулук энергияга

тарифтердин жогорулашын эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын

2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
