Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2008-жылдын 23-апрели № 165
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз
Республикасынын жылуулук энергияга
орто мөөнөттүү тарифтик саясаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономикасынын жылуулук энергия секторун
туруктуу өнүктүрүү, стабилдүү жана ишенимдүү иштеши максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: 2008-2012-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын
жылуулук энергияга орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги:
- облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарлары-
нын мэриялары менен бирдикте ушул токтомду түшүндүрүү боюнча чараларды
көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун аткарылышынын
жүрүшү жөнүндө өткөн мезгил үчүн отчетту жыл сайын 15-февралга чейин
берип турсун жана зарыл учурда тарифтерди оњдоо боюнча сунуштарды кир-
гизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү минист-
рлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республи-
касынын Социалдык фонду менен бирдикте жылуулук энергияга тарифтер жо-
горулаган шарттарда калктын аз камсыз болгон катмарын социалдык жактан
даректүү коргоонун механизмдерин белгиленген тартипте ишке ашырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жылуулук энергияга
тарифтердин жогорулашын эске алуу менен "Кыргыз Республикасынын
2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-
мына өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О республиканском бюджете Кыргызской Республики на 1997 годЗакон · 04.01.1997 · № 2