Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2008-жылдын I кварталы үчүн жыйынтыктары жана 2008-жылдын II кварталына карата милдеттери жөнүндө»токтому
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-майындагы N 290 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 23-апрели № 163
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык
өнүктүрүүнүн 2008-жылдын I кварталы үчүн
жыйынтыктары жана 2008-жылдын II
кварталына карата милдеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2008-жылдын январь-мартында
2007-жылдын көрсөткүчтөрүнө караганда экономикалык өсүш темпинин айрым
басањдоосу байкалгандыгын белгилейт.
2008-жылдын отчеттук мезгили үчүн ички дүњ продукт 28143,9 млн.
сомду түздү жана 2007-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 6,1 процентке
жогорулады, ал эми 2007-жылдын январь-мартында экономикалык өсүш 8,5
процент дењгээлинде жетишилген. ИДПнын реалдуу өсүшү "Кумтөр" кенин иш-
тетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда 5,8 процентти түздү.
Экономикада өсүш темпинин төмөндөшүнө иштетүүчү өнөр жайынын айрым
тармактарында өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы таасирин тийгизген. Токто-
гул суу сактагычында сууну топтоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн на-
тыйжасында электр энергиясын чыгаруудагы жана бөлүштүрүүдөгү көрсөткүч-
төр өткөн жылдын дењгээлинен төмөн болду. Мындан тышкары, азыркы учурга
чейин өлкөнүн кен казуу өнөр жайындагы проблемалар чечиле элек.
Айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүнүн өндүрүшүн көбөйтүү,
айыл чарба техникасын бөлүп берүү, фермерлерди үрөөндөр менен камсыз
кылуу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, айыл чарба продукциясын өн-
дүрүү мурдагы дењгээлинде калууда. Кызмат көрсөтүүдө өсүш темпинин ба-
сањдоосу байкалууда, ал 8,6 процент дењгээлинде түзүлгөн.
Каржылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвес-
тициялардын төмөндөөсү байкалууда, мында 2007-жылдын январь-мартына ка-
рата инвестициялардын өсүш темпи 98,1 процентти түздү.
Ушул жылдын биринчи кварталындагы экономиканын өсүш темпинин ба-
сањдашы керектөө бааларынын индексинин өсүшү менен байланыштуу, анын
көлөмү 2008-жылдын январь-мартында 6,1 процентти түздү.
Керектөө бааларынын индексинин динамикасы инфляциянын эњ жогорку
чеги ушул жылдын мартынын экинчи жарымына туура келгенин көрсөтүүдө.
Баалардын жогорку өсүшү азык-түлүк товарларынын рыногунда байкалууда,
мында каралып жаткан мезгилде баалар 7,1 процентке жогорулады. Өсүш жа-
шылча жана жемиштер 23,3 процентке, кант жана кондитер азыктары - 6,3
процентке, сүт азыктары - 5,8 процентке, өсүмдүк майы жана малдын майы
- 5,7 процентке, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары тиешелүү
түрдө - 4,6 жана 4,8 процентке баалардын кымбатташынын натыйжасында
болду. 2008- жылдын мартында нан азыктары жана акшактарга карата баа-
лардын өсүшү байкалган, кымбаттоо дүйнөлүк рыноктордо баалардын өсүшү-
нүн натыйжасында 3,4 процентти түздү.
Азык-түлүк эмес товарлардын тобунда баарынан көбүрөөк газга баа
(32,7 %ке) Өзбекстанда сатуу баасынын өсүшүнүн натыйжасында жогорулады.
Мындан тышкары, күйүүчү-майлоочу материалдарга карата баалар, анын
ичинде дизель отунуна карата - 12,7 процентке жогорулады. Акы төлөнүүчү
кызматтарга карата баалардын өсүшү транспорт кызматтарынын, саламаттык-
ты сактоо жана билим берүү кызматтарынын кымбаттоосунун натыйжасында
6,4 процентти түздү.
2008-жылдын экинчи кварталында 2007-жылы башталган инфляциянын жо-
горку дењгээли сакталышы күтүлүүдө. Нефтиге, башка энергия булактарына
жана данга карата баалардын жогорулашынын дүйнөлүк тенденцияларынын на-
тыйжасында, эмгек мигранттарынан валютанын келишинин, ошондой эле инф-
ляциянын өсүш динамикасын (орточо алганда анын өсүүсү ар бир айда 2%
түзөт) эске алуу менен 2008-жылдын экинчи кварталынын аягында керектөө
бааларынын индекси өткөн жылдын декабрь айына карата 10 процентти түзү-
шү мүмкүн.
М2Х акча массасы алдын ала маалыматтар боюнча 2008-жылдын ян-
варь-марты үчүн 4,1 процентке кыскарды жана 2008-жылдын 1-апрелине ка-
рата анын көлөмү 41267,1 млн. сомду түздү. М2Х акча массасынын кењири
көлөмүнүн азайышы депозиттик базанын анча көп эмес өсүүсүндө (2,9 %)
банктан тышкары акча көлөмдөрүн (8,4 %) кыскартуунун натыйжасында болуп
өттү.
Ушул жылдын март айынын аягында иштеп жаткан коммерциялык банктар-
дын депозиттик базасынын жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча жыл-
дын башынан тартып 0,3 процентке жогорулап, 23509,9 млн. сомду түздү.
Марттын аягында иштеп жаткан коммерциялык банктардын кредиттик
портфели алдын ала маалыматтар боюнча жылдын башынан тартып 8,7 процен-
тке жогорулап, 22557,7 млн. сомду түздү.
Тышкы сектордо, алдын ала маалыматтар боюнча 2008-жылдын I кварта-
лында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 1077,7 млн. АКШ
долларын түздү (анын ичинде жеке адамдардын - "челноктордун" соода жүр-
гүзүү көлөмдөрү) жана 2007-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу
137,4 процентке жогорулады. Мында, товарлардын экспорту 267,3 млн. АКШ
долларын түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата 7,0 процент-
ке өстү. 2008-жылдын I кварталында товарлардын импорту 810,4 млн. АКШ
долларын түздү жана 2007-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 51,5 про-
центке жогорулады.
Импорттун өсүшүнүн туруктуу тенденциясы соода балансынын тартышты-
гында себеп болууда. 2008-жылдын I кварталындагы соода балансынын терс
сальдосу 543,1 млн. АКШ долларын түздү, бул 2007-жылдын I кварталына
салыштырмалуу 1,9 эсе көбүрөөк.
Ошону менен бирге, ушул жылдын биринчи кварталындагы тышкы соода
жүгүртүүнүн нарктык көлөмүнүн өсүшү негизинен импорттук жана экспорттук
түшүүлөрдүн негизги товардык позициялары боюнча баалардын өсүшүнө бай-
ланыштуу.
Өнөр жайында өсүш темпи пландаштырылган дењгээлден төмөн болду жа-
на 104,1 процентти түздү.
Кен казуу өнөр жайында өндүрүш көлөмү 88,6 процентти түздү. Мындай
кырдаал отун-энергетикалык пайдалуу кендерди казуунун азайгандыгынан,
атап айтканда чийки нефть жана жаратылыш газын (96,2 %) жана отун энер-
гетикалык пайдалуу кендерден башка казып алуулардын кыскарышы (48,9 %)
менен түзүлгөн. Мындан тышкары, көмүр казуу өнөр жайында көмүр ишкана-
ларынын материалдык-техникалык базасынын начардыгы, алардын технология-
лык жабдууларынын өтө эскиргендиги менен байланыштуу болгон проблемалар
бар.
Иштетүүчү өнөр жайларында нефть продуктыларын, ядролук материал-
дарды, резина жана желим материалдарды, курулуш материалдарды, даяр ме-
талл буюмдарын, машиналар менен жабдууларды, электр машиналарын жана
жабдууларын өндүрүүнүн өсүү темпи камсыз кылынбаган.
Тамак-аш жана тамак-аш иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү үчүн кайра иш-
тетүүчү кооперативдерди түзүүдө жабдуулардын лизингин мамлекеттик кол-
доо маселесин чечүү зарыл. Ушул долбоорду ишке ашыруу айыл чарба про-
дукциясын өндүрүүчүлөрдү айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү
жана сатуу боюнча кооперативдерге биригүүгө мүмкүндүк түзөт жана айыл
жергесинде кооперациянын өнүгүшүнө, айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн киреше-
леринин жогорулашына жана индустриалаштыруунун өсүүсүнө көмөк көрсөтөт.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө жањы тигүү ишканаларын уюштуруу
үчүн Бишкек шаарында же Бишкек шаарынын тегерегиндеги турак жай массив-
деринде тигүү технопаркын куруу үчүн жер участкаларын бөлүп берүү масе-
лесин иштеп чыгуу зарыл.
Региондук муниципалдык соода уюмдарынын цементти ташып чыгуусу
проблемалуу маселе болууда, аларга "Кыргыз Республикасынын ички рыногун
цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтомуна ылайык
ай сайын 10 мињ тоннадан цемент бөлүп берилет. Бирок, алардын ушул са-
тып алууну каржылоого мүмкүнчүлүгү жок, бул региондун калкын кыйла жет-
киликтүү баалар боюнча цемент менен камсыз кылууга таасирин тийгизет.
Электр энергиясын, газды, бууну жана сууну өндүрүүдө жана
бөлүштүрүүдө өсүү темпи 104,7 процентти түздү. Камбарата ГЭС-2 курулу-
шун улантуу үчүн гидроэлектростанциянын жабдуусуна россиялык жабдуучу-
ларга төлөө үчүн бюджеттен 1,5 млрд. сом кошумча бөлүп берүү зарыл.
Айыл чарбасында 2008-жылдын январь-мартында 9151,3 млн. сомго дүњ
продукция өндүрүлгөн, өсүү темпи 1,7 процентти түздү. 2008-жылдын ап-
рель айынын башына карата жазгы жер айдоо 223,5 мињ гектар аянтка жүр-
гүзүлдү, бул 2007-жылга карата 69,6 мињ гектарга көп. Жазында себилүүчү
дан өсүмдүктөрү 71,4 мињ гектар аянтта жайгаштырылган, же өткөн жылдан
30,4 мињ гектарга көп. Картөшкө 2,6 мињ гектарга отургузулган, бул өт-
көн жылдан 0,3 мињ гектарга көп.
2008-жылдын январь-март айларында чарбалардын бардык категорияла-
рында союуга даярдалган тирүү салмактагы малды жана канаттууларды өндү-
рүү 76,61 мињ тоннаны түзгөн, бул 2007-жылдын тийиштүү дењгээлине са-
лыштырганда 1,3 процентке көп. Эт өндүрүүнү көбөйтүү республиканын бар-
дык облустарында байкалган, негизинен, мүйүздүү ири малдын башын 51,3
мињге, кой-эчкилер - 20,5 мињге, жылкы - 8,0 мињге жана канаттууларды
116,6 мињ башка көбөйтүүнүн эсебинен көбөйгөн.
Керектөө бааларынын индексинин өсүшү менен байланыштуу кызмат көр-
сөтүүлөрдүн өсүү темпи басањдаган. Үстүбүздөгү жылдын январь - март ай-
ларынын жыйынтыгы боюнча бул сектордо өсүш темп болжолдонгон 109,0 про-
центтин ордуна 108,6 процентти түзгөн.
Соода жүгүртүүнүн, автоунааларды, тиричилик буюмдарын жана жеке
колдонуучу предметтерди оњдоонун азайгандыгын белгилей кетүү зарыл (үс-
түбүздөгү жылдын январь-март айларында 105,0 %, 2007-жылдын I кварталы
үчүн 116,9 %). Чекене соода жүгүртүүнүн азайгандыгы байкалууда (үстү-
бүздөгү жылдын январь-март айларында 105,3 %, 2007-жылдын I кварталы
үчүн 117,0 %).
Курулуштун дүњ продукциясы өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата
102,2 процентке өсүш темпи менен 1928,0 млн. сомду түзгөн. Негизги ка-
питалга инвестиция каржылоонун бардык булактарынын эсебинен 2345,9 млн.
сомду түзгөн, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда өсүү темпи
98,1 процентти түзгөн. Өздөштүрүлгөн инвестициялардын олуттуу үлүшү
жалпы көлөмдө кен казуу өнөр жайына, транспортко жана байланышка, иште-
түүчү өнөр жайына, электр энергетикасына туура келет.
2008-жылдын январь айында бир жумушчунун орточо бир айлык номинал-
дуу эмгек акысы (чакан ишканаларды кошпогондо) 4335 сомду түздү жана
2007-жылдын январына салыштырганда 37,8 процентке көбөйгөн, ал эми ке-
ректөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өсү-
шү 14,6 процентти түзгөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы N
539 "Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы
төлөө жөнүндө", 2007-жылдын 6-декабрындагы № 540 "Маданият кызматкерле-
ринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө", 2007-жылдын 6-декабрындагы №
541 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жө-
нүндө", 2007-жылдын 6-декабры № 542 "Социалдык жактан коргоо кызматкер-
леринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" жарлыктарына, "Социалдык чөй-
рөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна то-
луктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын
19-мартындагы N 89 токтомуна ылайык 2008-жылдын 1-январынан баштап бюд-
жеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы 30 процентке көбөйтүлгөн.
Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн 2008-жыл-
дын январь-марты үчүн жыйынтыктарын, Кыргыз Республикасынын Президенти-
нин 2008-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кайрылуусунда коюлган милдеттерди
эске алуу менен, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү-
нүн оњ тенденцияларын бекемдөө жана 2008-жылга белгиленген максаттарга
жетишүү үчүн колдо болгон резервдерди мобилизациялоо максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары,
жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, Бишкек жана Ош шаарларынын
мэриялары:
- төмөнкүлөрдү аткаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылга иш-аракеттеринин прог-
раммасын;
Өлкөнү өнүктүрүүнүн 2007-2010-жылдарга стратегиясын;
социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерин иш-
ке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Экономи-
калык өнүктүрүү жана соода министрлигине өз учурунда берүү боюнча атка-
руучулук тартипти күчөтүшсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги:
- бир айлык мөөнөттө экспорттоодо/импорттоодо лицензиялануучу то-
варлардын тизмесин кыскартуунун маселелерин иштеп чыксын жана тышкы
соодада контролдоо иш-милдеттеринин кайталанышын четтетүү жана админис-
трациялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн токтомунун тийиштүү долбоорун киргизсин;
- 2008-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын соодасын
өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү
өнөр жай министрлиги менен бирдикте экспортто даяр продукциянын үлүшү-
нүн көлөмүн 10 процентке чейин көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планын жа-
на соода балансынын терс сальдосун азайтуу боюнча иш-чараларды иштеп
чыксын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Камбарата-2 гидроэлектрстанциясынын курулушу жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 502 токтомунун
2.3-пунктуна ылайык Камбарата ГЭС-2 үчүн россиялык жабдып туруучуларга
акы төлөөгө 2009-жылга каралган 2 млрд. сомдон 2008-жылдын 1-октябрына
чейин бюджеттен кошумча 1,5 млрд. сомду бөлүп берүү мүмкүнчүлүгүн ка-
раштырсын;
- 2008-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
Улуттук банкы менен бирдикте (макулдашуу боюнча) "Кыргыз Республикасы-
нын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жүгүртүү жана тындыруу
жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 12-декабрындагы № 845 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- 2008-жылдын 1-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы
(макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө
жана жөнгө салуу кызматы (макулдашуу боюнча) менен бирдикте "Кыргыз
Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздардын улуттук реестрин жүргү-
зүүнүн тартиби жана мамлекеттик баалуу кагаздарга каттоо номерлерин ый-
гаруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргиз-
син.
4. "Естер холдинг" компаниясына Кыргыз Республикасынын Өнөржай,
энергетика жана отун ресурстары министрлиги менен бирдикте 2008-жылдын
экинчи жарым жылдыгында "Кристалл" АКны ишке киргизүүнүн программасын
иштеп чыгууну тездетүү сунуш кылынсын.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минист-
рлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте
2008-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө:
- кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайын (курамына спирт кошулган
продукциялардан, тамеки жана тамеки буюмдарынан башкаларды) аны кайра
инвестициялоо шарты менен КНС жана пайдага салык төлөөдөн бошотууну ка-
раштыруучу "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун
белгиленген тартипте иштеп чыксын жана киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, Кыргыз Республикасы-
нын Өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Рес-
публикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен бирдикте
2008-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө республиканын региондорунда кайра
иштетүүчү кооперативдерди түзүү үчүн жабдууларды лизингге берүү боюнча
айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө сунуш-
тарды киргизсин.
6. Бишкек шаарынын мэриясы, Чүй облусунун мамлекеттик администра-
циясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана куру-
луш боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өнөржай, энерге-
тика жана отун ресурстары министрлиги, Кыргыз Республикасынын "Легпром"
жењил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы менен бирдикте Бишкек шаары-
нын тегерегиндеги турак жай конуштарында технополисти жана жањы тигүү
ишканаларын уюштуруу үчүн жер участокторун бөлүп берүү боюнча сунуштар-
ды киргизсин.
7. Облустардын мамлекеттик администрациялары жана Бишкек, Ош шаар-
ларынын мэриялары "Кыргыз Республикасынын ички рыногун цемент жана ши-
фер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы № 223 токтому менен каралган көлөмдө
жана 2008-жылга карата түзүлгөн суроо-талаптарга ылайык "Кант цемент
заводу" АКыдан цементти сатып алуу жана региондук муниципалдык соода
уюмдары тарабынан ташып чыгаруу боюнча конкреттүү чараларды көрүшсүн.
8. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,
администрациялык ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрация-
лары ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен
бул токтомдун аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын
Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине берип турушсун.
9. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
трлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечик-
тирбестен ушул токтомдун аткарылышы тууралуу маалыматты Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнө берип турсун.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-майындагы №290 "2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2009 · № 290 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-июнундагы №223 "Кыргыз Республикасынын ички рыногуң цемент жана шифер менен камсыздоо боюнча чаралар жөнүндј" токтомуПостановление · 09.06.2007 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чӨйрӨнүн кызматкерлеринин эмгегине акы тӨлӨӨ шарттары жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 07.12.2005 · № 561 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-майындагы №290 "2009-жылдын I кварталында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 13.05.2009 · № 290 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-декабрындагы №845 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик казыналык векселдерин чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу жөнүндөгү…Постановление · 12.12.2006 · № 845 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 539 "Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2007 · № 539 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 541 "Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2007 · № 541 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 542 "Социалдык жактан коргоо кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2007 · № 542 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 540 "Маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 06.12.2007 · № 540 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы №89 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 19.03.2008 · № 89 · Күчүн жоготкон