# Постановление Правительства КР от 22 апреля 2008 года № 162 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59013>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12695/edition/328185/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59013.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Постановление Правительства КР от 22 апреля 2008 года № 162 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О статусе военнослужащих" (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59013

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-апрели № 162

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, каржылоо булагын анык-

тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты З.К.Курманов

тарабынан демилге кылынган "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү туу-

ралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-апрелиндеги

№ 162 токтому менен

жактырылган

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана

толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын65-статьясынын 3-пунктуна

жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутаты З.К.Курманов тарабынан демилге кылынган "Ас-

кер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоорун карап чыгып, берилген долбоорго карата Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтү төмөнкүдөй сын-пикирлерди жана сунуштарды билдирет.

Мыйзам долбоорунда сунушталган нормалар "Аскер кызматчыларын пен-

сиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун

кайталайт. Азыркы убакта аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоону кар-

жылоо республикалык бюджеттен ишке ашырылат.

Иштеген аскер кызматчыларына акчалай үлүштүн өлчөмдөрүн ар бир жо-

лу көбөйтүү менен катар пенсияларды кайра эсептеп чыгуу "Аскер кызмат-

чыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1993-жылдын

7-майындагы № 1194-XII Мыйзамынын 65-статьясында каралган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-ян-

варындагы № 12 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамле-

кеттик өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, жазык-ат-

каруу системасынын органдарынын атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жа-

зык аткаруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдын ка-

тардагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө

иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана

төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен беки-

тилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик

өрткө каршы кызматтын, финансы полициясы органдарынын, жазык-аткаруу

системасынын органдарынын атайын байланыш кызматынын, кылмыш-жазык ат-

каруу системасынын, бањги заттарды контролдоо боюнча органдын катардагы

жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген

жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие дайындоонун жана төлөөнүн \[\*тар-

тиби:36013} жөнүндө жобонун 13-пунктунда аскер кызматчыларынын акчалай үлүшү

көбөйгөн учурда алардын пенсияларын кайра эсептеп чыгуу каралган.

"Керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын

өзгөрүүлөрүн эске алуу менен калктын кирешелерин жана аманаттарын ин-

дексациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1991-жылдын 17-апрелиндеги

№ 423-XII Мыйзамына ылайык керектөө товарларына жана кызмат

көрсөтүүлөргө баанын өсүшүнө жараша акчалай кирешелердин бардык

түрлөрү, анын ичинде аскер кызматчыларынын пенсияларынын өлчөмү да ин-

декцияланууга тийиш.

Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун негиздүүлүгүн эске алуу менен "Ас-

кер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамында аскер кызматчыларынын пенсияларын индексациялоо маселелерин

түздөн-түз кароо максатка ылайыктуу.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги тарабынан

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-

нын долбоору иштелип чыгууда, анда бардык зарыл өзгөрүүлөр каралат.
