# Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

- Толук аталышы: Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 22.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/59012>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12694/edition/754044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/59012.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 22-апрели № 161 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында балык тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө (28.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/59012

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 22-апрели № 161

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасында балык тармагын

өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

(2011-жылдын 11-январындагы №10 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы №

7 "Ысыккөл, Соњкөл көлдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын башка

көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар

жөнүндө" Жарлыгына ылайык, республикада балык чарбасын андан ары

өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн

2008-2012-жылдарга карата программасы;

- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-январындагы № 10 токтомуна ылайык

күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө илимий-изилдөө

максаттары үчүн балык кармоонун тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын

жана алардын жашоо чөйрөлөрүн коруу жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө өнөр жайлык ба-

лык уулоо эрежеси;

- Кыргыз Республикасынын балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын

көбөйтүү боюнча иштерди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө ышкыбоздук жана спорттук ба-

лык кармоочулук жөнүндө жобо;

- Балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын кармоону уюштуруу жана

жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлиги Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүүнүн

2008-2012-жылдарга карата программасын ишке ашырууну камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 12-сентябрындагы №

522 "Балык чарбасын андан ары өнүктүрүү, балык запастардын корголушун

күчөтүү жана балык тармагын башкарууну өркүндөтүү боюнча чаралар

жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 22-апрелиндеги

№ 161 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана

кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин

Балык чарба департаментинин башкаруу

СХЕМАСЫ

| Балык чарба департаменти |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| Тоњ балык өстүрүүчү заводу | \-- | \-- | Соњкөл балык чарбасы |
| мамлекеттик ишканасы |  |  | мамлекеттик ишканасы |
| Өзгөн балык чарбасы | \-- | \-- | Токтогул балык чарбасы |
| мамлекеттик ишканасы |  |  | мамлекеттик ишканасы |
| Талас балык чарбасы | \----- | Базар-Коргон балык чарбасы |  |
| мамлекеттик ишканасы |  | мамлекеттик ишканасы |  |
