Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
«Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерди жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө» Өкмөт Үйүнүн 2008 жылдын 22 апрелинин №160 токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 22-апрели № 160
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана
ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, каржылоо булагын анык-
тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.Ж.Карабеков
тарабынан демилге көтөрүлгөн "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери
жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына то-
луктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбо-
оруна тиркелген корутунду жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 22-апрелиндеги
№ 130 токтому менен
жактырылган
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана
ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 3-пунктуна
жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 34-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин депутаты К.Ж.Карабеков тарабынан демилге көтөрүлгөн
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү туура-
луу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү берилген долбоор боюнча төмөнкүдөй пикирин жана
сунуштарын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында категориялык жењилдиктер-
ди кењейтпестен социалдык жењилдиктер системасын алардын даректүүлүгүн
жана зарылдыгын эске алуу менен аныктоо жагында реформалоо маселеси
тургандыгын эске алып, азыркы учурда төмөнкүдөй негиздер боюнча мыйзам
долбоорун кабыл албай кое туруу зарыл:
- мыйзам долбоорун кабыл алуу категориялык жењилдиктерди алуучу
адамдардын саны көбөйүшүнө алып келет, бул калкты социалдык коргоонун
даректүүлүк принцибине каршы келет;
- мыйзам долбоорунда аскер кызматчылары, ички иштер жана улуттук
коопсуздук органдарынын кызматчылары үчүн кошумча жењилдиктерди жана
гарантияларды белгилөө сунушталат, алар боюнча мыйзамдарда күч структу-
раларынын кызматкерлерине да, пенсионерлерине да социалдык коргоонун
негизги гарантиялары мурда эле каралган.
Жалпысынан мыйзам долбоору жылына 554,4 мињ сом кошумча чыгымды
талап кылат.
2008-жылдын бюджетинде мындай сумма каралган эмес.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине
ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун, Европадагы коопсуздук жана кызматташ-
тык уюмунун тынчтыкты орнотуучу миссияларынын курамында башка мамлекет-
тердин аймактарында кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга, ички иштер жана
улуттук коопсуздук органдарынын кызматчыларына, анын ичинде запаска
(отставкага) бошотулгандарга "Ички иштер органдары жөнүндө" жана "Аскер
кызматчылардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына
ылайык протездик-ортопеддик камсыздоо (муктаж пенсионерлердин жана ма-
йыптардын баарына акысыз берилет). санаторийлик-курорттук дарыланууга
жењилдиктүү укук, жүргүнчүлүк транспортту (таксиден башкасын) акысыз
пайдалануу, турак жай менен камсыздоо жана пенсияга жењилдиктүү чыгуу
(кызмат өтөгөн жылдар боюнча пенсия) сыяктуу жењилдиктер жана гарантия-
лар каралган.
Эгер тынчтыкты орнотуучу миссиянын курамында башка мамлекеттин ай-
магында кызмат өтөгөн аскер кызматчы кызматтык милдеттерин аткаруу учу-
рунда алган мертинүүдөн майып болуп калса ага Улуу ата Мекендик согуш-
тун катышуучулары үчүн каралган жењилдиктердин баары берилет.
Андан тышкары, "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оо-
руктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "согуштун
ардагери", "ооруктун эмгекчиси" деген түшүнүктөр адамдардын өткөндөгү,
Советтик Социалисттик Республикалар Союзу тараганга чейинки ишмердигине
берилген баа катары каралат, ал эми "тынчтыкты орнотуучу" азыркы учур-
дагы, балким келечектеги да ишмердикти билдирет. "Тынчтыкты орнотуучу"
категориясын "согуш ардагери" категориясына киргизүү "тынчтыкты орно-
туучу" жана "согуш" деген сөздөрдүн маанисине карама-каршылык киргизет.
Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун сунушталган редакциясы башка
аскер кызматчылардын кызыкчылыктарын эске албайт, мисалы,
1993-1999-жылдарда тажик-афган чек арасын кайтаруу боюнча милдет аткар-
ган адамдардын статусу мыйзамдуу түрдө ушул кезге чейин аныкталган
эмес. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер
Шериктештигинин жана Коллективдүү коопсуздук уюмунун алкактарында бир
топ макулдашууларга кол койгон, аларды ишке ашырууда да тынчтыкты орно-
туучу ишмердикке катышуу каралган.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндөЗакон · 08.05.1996 · № 14
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон