Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 21-апрели № 154
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жа-
быркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкция-
лашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сер-
тификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартибин өркүндөтүү максатында
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан
жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкци-
ялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык
сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы №
155 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"табигый кырсыктардан жапа чеккен үй-бүлөлөрдүн тизмеси берилгени-
не жараша мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды жүгүртүүгө чыгарсын";
үчүнчү абзацтагы "(ссудаларды)" деген сөз алып салынсын;
төртүнчү абзац алып салынсын.
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында
болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй
куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн
мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды чыгаруунун жана берүүнүн тартиби
жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункту "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык" деген
сөздөрдөн кийин "тийиштүү жылга карата Кыргыз Республикасынын республи-
калык бюджети жөнүндө," деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункттун төртүнчү абзацы "күрөөгө алуу" деген сөздөрдөн кийин
"жана банктын талаптарына туура келген кыймылсыз мүлк" деген сөздөр ме-
нен толукталсын;
4-пунктта:
"жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өтүнмөлөрүнүн неги-
зинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитек-
тура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык ку-
рулуш башкармалыгы (мындан ары - Туракжайкурулуш башкармалыгы) берген
тизменин негизинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толук-
талсын:
"Мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды даярдоого, тындырууга ка-
ражат жана табигый кырсыктын кесепетинен жапа чеккен жеке адамдарга ак-
ча каражатын төлөп берүү боюнча банктык кызмат көрсөтүүнүн акысы, ошон-
дой эле мамлекеттик жардам (сертификаттарды берүү, мамлекеттик субсиди-
яларды тариздөө, курулуп жаткан турак үйлөрдү мониторингдөө) берүүнү
тейлөө боюнча Туракжайкурулуш башкармалыгынын сарптоолору бюджеттин
мүмкүнчүлүгүнүн чегинде тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республи-
калык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында "Табигый кыр-
сыктардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар" статьясы боюнча белги-
ленген тартипте каралат.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Туракжайкурулуш башкар-
малыгына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына ылайык жапа чеккен адамдарга
берүү үчүн мамлекеттик ипотекалык сертификаттарды өткөрүп берет.";
5-пункт "ипотекалык сертификаттар" деген сөздөрдөн кийин "Турак-
жайкурулуш башкармалыгы тарабынан" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пунктта "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык
органдарына ушул Министрлик аныктоочу документтердин тизмесин" деген
сөздөр "Туракжайкурулуш башкармалыгына ушул подразделение аныктоочу до-
кументтердин тизмесин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
9-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Табигый кырсыктардан жапа чеккен адамдар үчүн - жеке менчик турак
үйүн калыбына келтирүү же жањы үй куруу төмөнкүдөй ишке ашырылат:";
экинчи абзац алып салынсын;
төртүнчү абзац "200 мињ сом төлөөгө макул болсо" деген сөздөрдөн
кийин "төлөөнү үч жылга чейин мөөнөтүн узартуу жана күрөөлүк камсыздоо-
ну тариздөө менен милдеттүү түрдө кайтарып берүү шарттарында 20 жылга
чейинки мөөнөткө" деген сөздөр менен толукталсын;
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Жеке менчик турак үйдү бекитилген долбоор боюнча банктардан
ипотекалык кредит алуу жолу менен курууну каалаган жабыркаган адамдар
белгиленген тартипте банк менен келишим түзүшөт.
Келишим боюнча күрөөлүк камсыздоо боло алуучу мүлктүн тизмесин жа-
на башка шарттарды банк белгилейт.
Бул учурда төмөнкүлөр Туракжайкурулуш башкармалыгына берилет:
- жапа чеккендин арызы;
- банк менен келишим.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги турак үй курууга банк-
тын талаптарына ылайык күрөөгө коюу менен 200,0 мињ сомго чейин ипоте-
калык кредит алууда банкка проценттик ставканы бир жолку төлөө, бирок
жылдык 18 проценттен ашпаган өлчөмдө, Туракжайкурулуш башкармалыгынын
өтүнмөсүнө ылайык каржылоону камсыздайт";
- 12 жана 14-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;
15-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна жана реконструкциялашына мамлекеттик субсидияларды берүү үчүн…Положение · 08.05.2007 · № 155
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна…Постановление · 08.05.2007 · № 155
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-февралындагы № 37 "Нарын жана Ысыккөл облустарынын аймагында 2006-жылдын 26-декабрында, Баткен облусунун аймагында 2007-жылдын…Постановление · 06.02.2007 · № 37 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-майындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын аймагында болгон табигый кырсыктардан жабыркаган адамдардын жеке менчик турак үй куруусуна…Постановление · 08.05.2007 · № 155
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335