# 8-берене. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө маалымат

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 8-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-8

---

1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) өз уюмунун фирмалык аталышын (аталыштарын), анын жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана иштөө режимин керектөөчүгө билдирүүгө милдеттүү. Сатуучу (аткаруучу) көрсөтүлгөн маалыматтарды көрнөктүн бетине түшүрөт.

Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) - жеке ишкер - керектөөчүгө өзүн каттаган органдын аталышы жана мамлекеттик каттоо туурасында маалымат берүүгө тийиш.

2. Эгерде даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жүргүзүп жаткан иштин түрү (түрлөрү) лицензияланууга тийиш болсо, керектөөчүгө лицензиянын номери, анын колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалымат, ошондой эле керектөөчүнүн талабы боюнча ушул лицензия берген орган тууралу маалымат берилүүгө тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган маалыматтар ошондой эле соода-сатык, керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө убактылуу жайларда, жарманкелерде, күркөлөрдө жүргүзүлгөн учурда жана соода керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө сатуучу (аткаруучу) туруктуу жайгашкан жерден тышкары жерде жүргүзүлгөн башка учурларда да керектөөчүлөргө маалымдалууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-9)
