# 7-берене. Керектөөчүнүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу жана товарлар (иштер,кызматтар) жөнүндө маалымат алуу укугу

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 декабря 2009 года № 307 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О государственном языке Кыргызской Республики", "О защите прав потребителей")"](https://aqlex.ai/kg/doc/203235)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262694..1262695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 7-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-7

---

1. Керектөөчү даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу, анын иш режими жана ал сатып жаткан товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө зарыл жана так маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар соода-сатык келишими жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурда кадимки жана күнүмдүк билим тармагындагы сөздөрдү, алгылыктуу өлчөмдөгү шрифти же кагаз бетинде даана көрүнгөн сыяны пайдалануу менен мамлекеттик жана орус тилдеринде керектөөчүлөрдү тейлөөнүн айрым чөйрөлөрүндө кабыл алынган ыкмалар менен көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү түрдө керектөөчүлөргө маалымдалат.

(КР 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-8)
