# 6-берене. Керектөөчүнүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугуна укугу

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 21.02.2015 [Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/205459); 20.03.2002 [Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 6-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-6

---

1. Керектөөчү товар (иш, кызмат) кадимки шартта пайдаланылып, сакталып, ташылып жана утилге чыгарылган учурда керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, айлана-чөйрө үчүн коопсуз болушуна, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирбөөсүнө укуктуу.

Керектөөчүнүн өмүрү жана ден соолугу, курчаган чөйрө үчүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугун камсыз кылууга тийиш болгон талаптар, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу милдеттүү болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте белгиленет.

2. Даярдоочу (аткаруучу) белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн же товардын (иштин, кызматтын) жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде товардын (иштин) коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.

Товардын (иштин) коопсуздугун камсыз кылбоонун кесепетинен керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян ушул мыйзамдын 15-беренесине ылайык өндүрүлүүгө тийиш.

3. Эгерде товарды (ишти, кызматты) пайдалануу, сактоо, ташуу жана утилге чыгаруу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын эрежелерди (мындан ары - эрежелер) сактоо зарыл болсо, даярдоочу (аткаруучу) товардын (иштин), кызмат көрсөтүүнүн коштомо документациясында, этикеткасында марка коюу же башка ыкма менен ушул эрежелерди көрсөтүүгө, ал эми сатуучу (аткаруучу) ушул эрежелерди керектөөчүгө маалымдап жеткирүүгө милдеттүү.

4. Техникалык регламенттер менен керектөөчүнүн өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу жана керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүгө жол бербөөчү талаптар белгиленген товар (иш, кызмат), ошондой эле керектөөчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу каражаттар белгиленген тартипте ылайык келүүсүн милдеттүү түрдө ырастоого тийиш. Милдеттүү сертификациядан өткөрүлүүгө тийиш болгон товарлардын (иштердин, кызматтардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Эгерде керектөөчү тарабынан товарды (ишти) пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелери сакталганы менен ал керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирсе же зыян келтириши мүмкүн экендиги белгилүү болгон учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) зыян келтирүүнүн себебин четтеткенге чейин, аны чыгарууну (сатып өткөрүүнү) дароо токтото турууга, ал эми зарыл учурларда аны жүгүртүүдөн алып салуу жана керектөөчүдөн (керектөөчүлөрдөн) чакырып алуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.

Эгерде зыян келтирүүнүн себебин четтетүү мүмкүн болбогон учурда, даярдоочу (аткаруучу) мындай товарды (ишти, кызматты) өндүрүштөн алып салууга милдеттүү. Даярдоочу (аткаруучу) товарды, (ишти, кызматты) өндүрүштөн алып салуу милдетин аткарбаган учурда, аны жүгүртүүдөн чыгаруу жана керектөөчүлөрдөн жыйноо товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органынын (анын аймактык органдарынын) буйругу боюнча жүргүзүлөт. Товарды (ишти, кызматты) кайта алууга байланыштуу керектөөчүгө келтирилген зыян даярдоочу (аткаруучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.

6. Эгерде сатуучу (аткаруучу) керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирген товарларды саткан (иштерди аткарган)учуру аныкталса, мындай товарлар (иш) сатуучудан (аткаруучудан) мыйзамда белгиленген тартипте алынып коюлат.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-7)
