# 55-берене. Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн таламдарын коргоо

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/205459)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262700..1262701>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 55-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-55

---

Монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, союздары) сатуучулардын (даярдоочулардын, аткаруучулардын) же алар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде сатуучулардын (аткаруучулардын) милдетин аткарган уюмдардын керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнө карата аракеттерин мыйзамга каршы деп таануу жана мындай аракеттерди токтотуу жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу. Мындай доо канааттандырылган учурда сот массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка ыкма менен соттун чечимин сот белгилеген мөөнөттө керектөөчүлөргө кабарлоого мыйзам бузуучуну милдеттендирет. Сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмдун керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнө карата аракеттерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарып жаткан уюмдун мындай аракеттерди жасагандыгы аныкпы жана ал аракеттер ошол адамдар тарабынан жасалдыбы, деген маселе боюнча алардын аракеттеринин граждандык-укуктук кесепеттери жөнүндө керектөөчүнүн доосун карап жаткан сот үчүн милдеттүү. Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн же айрым керектөөчүнүн таламында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмеси (алардын ассоциациясы, союзу) тарабынан коюлган доону канааттандыруу менен бир эле мезгилде сот керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерине (алардын ассоциацияларына, союздарына) ишти кароо менен байланышкан соттук чыгымдарды, анын ичинде ишке эксперттерди катыштыруу боюнча чыгымдарды өндүрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат. (КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-54)  
Кийинки берене: [551-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-551)
