55-берене. Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн таламдарын коргоо
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · V бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38
Монополияга каршы мамлекеттик орган (анын аймактык органдары), товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органдары (алардын аймактык органдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, союздары) сатуучулардын (даярдоочулардын, аткаруучулардын) же алар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде сатуучулардын (аткаруучулардын) милдетин аткарган уюмдардын керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнө карата аракеттерин мыйзамга каршы деп таануу жана мындай аракеттерди токтотуу жөнүндө сотторго доо коюуга укуктуу. Мындай доо канааттандырылган учурда сот массалык маалымат каражаттары аркылуу же башка ыкма менен соттун чечимин сот белгилеген мөөнөттө керектөөчүлөргө кабарлоого мыйзам бузуучуну милдеттендирет. Сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмдун керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнө карата аракеттерин мыйзамсыз деп таануу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечими сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарып жаткан уюмдун мындай аракеттерди жасагандыгы аныкпы жана ал аракеттер ошол адамдар тарабынан жасалдыбы, деген маселе боюнча алардын аракеттеринин граждандык-укуктук кесепеттери жөнүндө керектөөчүнүн доосун карап жаткан сот үчүн милдеттүү. Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн же айрым керектөөчүнүн таламында керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмеси (алардын ассоциациясы, союзу) тарабынан коюлган доону канааттандыруу менен бир эле мезгилде сот керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерине (алардын ассоциацияларына, союздарына) ишти кароо менен байланышкан соттук чыгымдарды, анын ичинде ишке эксперттерди катыштыруу боюнча чыгымдарды өндүрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат. (КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
55-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"Редакцияларды салыштыруу
21.02.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн таламдарын коргоо
алынып салынды: Товарлардын сапатына жана коопсуздугуна контроль жүргүзгөн монополияга кошулду: Монополияга каршы мамлекеттик алынып салынды: орган, кошулду: орган (анын аймактык органдары), товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу алынып салынды: органдары, кошулду: органдары (алардын аймактык органдары) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук … катыштыруу боюнча чыгымдарды өндүрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
кошулду: (КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-55" title="55-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>