# 54-берене. Керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын ассоциацияларынын, союздарынын) укуктары

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100); 21.02.2015 [Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/205459); 31.01.2015 [Закон КР от 31 января 2015 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205452); 20.03.2002 [Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=32064..32852>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 54-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-54

---

1. Граждандар Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана уставдарына ылайык өз ишин жүргүзүп жаткан керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелерине (алардын ассоциацияларына, союздарына) ыктыярдуу негизде биригүүгө укуктуу.

2. Керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын ассоциациялары, союздары) көрсөтүлгөн бирикмелердин (алардын ассоциацияларынын, союздарынын) уставдарында каралган учурларда:

товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата милдеттүү талаптарды белгилеген техникалык регламенттердин, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышууга; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына жана коопсуздугуна көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүгө (заказдар боюнча тийиштүү уюмдарда же өз лабораториялары болсо алар тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан техникалык компетенттүүлүккө аккредитацияланган шартта); керектөөчүлөрдүн тапшырмасы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктары бузулган фактылар боюнча экспертизаларды жүргүзүүгө катышууга; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатын жогорулатуу, керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу болгон товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) жүгүртүүдөн алып салуу боюнча мамлекеттик башкаруу органлдарына, уюмдарга сунуш киргизүүгө; жөнгө салынуучу баалардын колдонулушуна контроль жүргүзүүгө мамлекеттик аткаруу бийлик органдары менен бирге катышууга калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга мамлекеттик органдар бел- гилөөчү тарифтерге көз каранды эмес экспертиза жүргүзүүгө; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугуна жана сапатына коюлуучу талаптарга ылайык келбеген товарларды чыгарууда жана сатып өткөрүүдө (иштерди аткарууда, кызмат көрсөтүүдө), ошондой эле керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же башка нормативдик укуктук актыларында белгиленген укуктарын бузууда күнөөлүү болгон адамдарды жоопко тартуу жөнүндө материалдарды прокуратура органдарына жана мамлекеттик башкаруу органдарына киргизүүгө; мамлекеттик аткаруучу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарга карама-каршы келген актыларын жараксыз деп таануу жөнүндө протест киргизүү өтүнүчү менен прокуратура органдарына кайрылууга; керектөөчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн) укуктарын коргоп сотко кайрылууга акылуу; ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча керектөөчүлөрдүн даттанууларынын саны жана мазмуну, уставдык максаттарда жүргүзүлгөн иш-чаралар жөнүндө маалымат берүүгө.

(КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-55)
