# 53-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100); 02.07.2015 [Закон КР от 2 июля 2015 года № 142 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111185); 20.03.2002 [Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 53-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-53

---

Айылдык аймактын, шаардын аймагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу: керектөөчүлөрдүн даттанууларын кароого, алардын укуктарын коргоо маселелери боюнча аларга консультация берүүгө; керектөөчүлөрдүн укуктарын бузган шарттарды табуу максатында сатуучулар (аткаруучулар, даярдоочулар) керектөөчүлөр менен түзгөн келишимдерди талдоого алууга; сапаты талаптагыдай болбогон, ошондой эле керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү үчүн кооптуу товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) табылганда жана ушул Мыйзамдын башка талаптары бузулганда материалдар мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу монополияга каршы органга же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, алардын ушул Мыйзамдын 49 жана 51-беренелеринде каралган ыйгарым укуктарына ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чараларын көрүү үчүн өткөрүлүп берилет; анык жана жетиштүү маалымат менен коштолбогон же жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен же жарактуулук мөөнөтү коюлбаган же мындай мөөнөтүн коюу милдеттүү болгон товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) аныкталган учурларда маалымат берилгенге чейин товарларды сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтото турууга же товарларды сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүнү) токтотууга; керектөөчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн анык эмес чөйрөсүнүн) укуктарын коргоп сотко кайрылууга укуктуу. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилет. (Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-54)
