# 51-берене. Мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 51-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-51

---

Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугун камсыз кылуу максатында өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы техникалык регламенттердин, мыйзамдардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чегинде: товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата техникалык регламенттердин талаптарынын жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарда белгиленген талаптардын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат; товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна карата талаптарды бузууларды четтетүү, коопсуздук талаптарына ылайык келбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүштөн алып салуу, мындай товарларды чыгарууну жана сатууну (иштерди аткарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү) токтотуу, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарларды жана жарактуулук мөөнөтү жана колдонуу мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгон, бирок белгиленбеген товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө анык жана жетиштүү маалымат болбогондо, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатууну токтотуу жөнүндө, аларды керектөөчүлөрдөн чакыртып алуу жана бул жөнүндө керектөөчүлөргө маалымдоо, алардын ар кандай түрдөгү таңгактардагы оролгон товарлардын санынын аларды ачууда, сатууда жана импорттоодо таңгактагы көрсөтүлгөн санына ылайык келбегендиги тууралуу жазма эскертүүлөрдү жөнөтөт; ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторингди жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча ар жылдык маалыматты жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен, жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга берет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 токтомунун редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-52)
