# 49-берене. Монополияга каршы мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 49-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-49

---

Монополияга каршы мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде: керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзөт; даярдоочуларга (аткаруучуларга, сатуучуларга) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузууларды токтотуу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү жиберет; ыйгарым укуктуу органга керектөөчүлөрдүн укуктарын бузуулар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү иштер жөнүндө келип түшкөн кайрылуулар боюнча жылдык маалыматты отчёттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жана жарым жылдык маалыматты учурдагы жылдын 1-августунан кечиктирбестен берет. ушул Мыйзамда жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузууларды табууга, четтетүүгө багытталган мониторинг жүргүзөт. Мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [481-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-481)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-50)
