# 481-берене. Ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктары

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 481-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-481

---

1. Ыйгарым укуктуу орган:

керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизет; керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашырат; керектөөчүлөрдүн даттанууларына жарым жылдык, жылдык талдоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишине жыл сайын талдоо жүргүзөт; мамлекеттик органдарга алардын ушул Мыйзамды жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларды бузуу менен кабыл алган чечимдерин жокко чыгаруу боюнча сунуштарды (сунуштамаларды) киргизет; керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин бирдиктүү реестрин түзөт, жүргүзөт жана пайдаланат.

2. Ыйгарым укуктуу органдын алдында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча координациялык кеңеш түзүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-48)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-49)
