Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
44-берене. Керектөөчүнүн материалынан (буюмдарынан) иш аткаруу
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · IV бөлүм
1. Эгерде иш толугу менен же жарым жартылай түрдө керектөөчүнүн материалынан (буюмдарынан) аткарылса, аткаруучу ушул материалдын (буюмдун) сакталышы жана аны туура пайдаланылышы үчүн жооп берет.
Аткаруучу: керектөөчүгө ал берген материалдын (буюмдун) жараксыздыгы же сапатсыздыгы жөнүндө эскертүүгө; материалдын чыгымдалышы жөнүндө отчет берүүгө жана анын калдыгын кайтарып берүүгө милдеттүү. Керектөөчүдөн кабыл алынган материал (буюм) толук же жарым жартылай жоготууга учураганда (зыян келтирилгенде), аткаруучу үч күндүк мөөнөттө аны ошондой эле сапаттагы окшош материал (буюм) менен алмаштырууга жана керектөөчүнүн каалоосу боюнча ушул буюмду жетиштүү мөөнөтүндө, ошондой эле материалдан (буюмдан) жасап берүүгө, ал эми ошондой сапаттагы андай окшош материал (буюм) болбогон учурда - керектөөчүгө жоголгон (зыянга учураган) материалдын (буюмдун) баасын, ошондой эле керектөөчү тарткан чыгымдын эки эселенген баасын төлөп берүүгө милдеттүү.
2. Жоголгон (зыянга учураган) материалдын (буюмдун) баасы керектөөчүнүн талабы аткаруучу тарабынан канааттандырылууга тийиш болгон жерде, мындай талап ыктыярдуу түрдө канааттандырылган күнү же керектөөчүнүн талабы ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, соттун чечими чыгарылган күнү аткаруучу тарабынан канааттандырылууга тийиш.
Аткаруучуга берилген материалдын (буюмдун) баасы керектөөчү тарабынан аныкталат жана иштин аткарылышы жөнүндө келишимде же анын корутундусун ырастаган башка документте (квитанцияда, заказда) көрсөтүлөт.
3. Эгерде керектөөчү аткаруучу тарабынан толук же жарым жартылай жок кылынышы (зыянга учуратылышы) мүмкүн болгон материалдык (буюмдардын) өзгөчө касиеттери жөнүндө аткаруучу тарабынан эскертилсе, аткаруучу өзү керектөөчүдөн кабыл алган материалдын (буюмдун) толук же жарым жартылай жок болушу (зыянга учурашы) үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
Аткаруучунун материалдын (буюмдун) өзгөчө касиеттерин билбөөсү аны жоопкерчиликтен бошото албайт.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/590/st-44" title="44-берене - Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>