# 43-берене. Ишти аткаруучунун материалынан жасоо

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 43-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-43

---

1. Эгерде керектөөчү иштин аткарылышын өз материалынан бүткөрүүнү талап кылбаса, аткаруучу иш аткаруу жөнүндө келишимде аныкталган жумуштарды бүткөрүүгө милдеттүү.

Ишти өз материалынан жасаган аткаруучу ушул материалдын тийиштүү сапаты үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Аткаруучунун материалы көрсөтүлгөн келишимди түзүүдө керектөөчү тарабынан толугу менен же иштин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелеринде же тараптардын макулдашуусунда аткаруучунун материалы үчүн эсептешүүнүн башка тартиби каралбаса, керектөөчү аткаруучу бүткөргөн ишти алган учурда биротоло эсептеше тургандыгын шартташуу менен иштердин аткарылышы жөнүндөгү келишимде иштердин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелеринде көрсөтүлгөн өлчөмдө керектөөчү тарабынан төлөнүп берилет.

3. Көрсөтүлгөн эрежелерде же иштердин аткарылышы жөнүндөгү келишимде каралган учурларда, материал аткаруучу тарабынан керектөөчүгө кредитке берилиши мүмкүн. Кредитке берилген аткаруучунун материалынын баасынын андан аркы өзгөрүшү кайрадан эсептешип чыгууну талап кылбайт.

4. Аткаруучунун материалы жана иш аткаруу үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар, шаймандар жана башкалар иш аткарылган жерге аткаруучу тарабынан жеткирилет.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-44)
