# 42-берене. Иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) сметасы

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 42-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-42

---

1. Иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде каралган иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) бекем же жакындаштырылган смета түзүлүшү мүмкүн.

Керектөөчүнүн же аткаруучунун талабы боюнча мындай смета милдеттүү түрдө түзүлөт.

2. Эгерде керектөөчү мындай ишти аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) макулдук бербесе же аткаруучуга мындай иштин аткарылышын (кызмат көрсөтүлүшүн) тапшырбаса, аткаруучу иштин аткарылышына (кызмат көрсөтүлүшүнө) жана кошумча чыгымдарга акы төлөөнү талап кылууга укуксуз.

Эгерде болжолдуу сметадан ашуу зарылчылыгы пайда болсо, аткаруучу керектөөчүгө ушул туурасында дароо эскертүүгө милдеттүү. Мындай болгон учурда керектөөчү алгач аныкталган сметага ылайык аткаруучу тарткан чыгымдарды жана аткарылган ишке (көрсөтүлгөн кызматка) жумшалган чыгымдарды өндүрүп берип, иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимдин аткарылышынан баш тартууга укуктуу. Эгерде аткаруучу болжолдуу сметадан ашып кете тургандыгы жөнүндө керектөөчүгө эскертпесе, аткаруучу ишти алгачкы болжолдуу сметанын чегинде аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-43)
