# 41-берене. Керектөөчүнүн иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга укугу

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 41-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-41

---

Керектөөчү аткаруучуга көрсөтүлгөн келишимди бузуу жөнүндө кабарды алганга чейин аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) бөлүгүнө пропорционалдуу болгондой өлчөмдө баасынын бир бөлүгүн төлөп берип, ар кандай учурда иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди буза алат. Керектөөчү ошондой эле көрсөтүлгөн келишим бузулгандыгы жөнүндө кабар алганга чейин аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн төлөнгөн баанын бөлүктөрүнүн ортосундагы айырманын чегинде иш аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузуу менен жана аткарылуучу бардык иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасы менен келтирилген чыгашаны аткаруучуга төлөп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-42)
