# 40-берене. Керектөөчүнүн айрым талаптарын канааттандыруу мөөнөттөрү

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 40-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-40

---

1. Аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн бааны азайтуу жөнүндө, аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) кемчиликтерин өз күчү менен же башка бирөөлөрдүн күчү менен четтетүү боюнча тарткан чыгымдарын өндүрүү жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктунда жана 38-беренесинин 1 жана 4-пункттарында каралган иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишимди бузуу менен келтирилген чыгашанын ордун өндүрүү жөнүндө керектөөчүнүн талаптары тийиштүү талап коюлган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө канааттандырылууга тийиш.

2. Ошондой эле сапаттагы окшош материалдан башка жаңы буюмду акысыз даярдап берүү жөнүндө же ишти кайтадан аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө керектөөчүнүн талаптары ишти шашылыш аткаруу (кызмат көрсөтүү) үчүн белгиленген мөөнөттө, ал эми мындай мөөнөт белгиленбесе ойдогудай жасалбаган ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде каралган мөөнөттө канааттандырылууга тийиш.

3. Керектөөчүнүн айрым талаптарын канааттандыруунун ушул берененин каралган мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн аткаруучу созуп жиберүүнүн ар бир күнү үчүн керектөөчүгө айып төлөмүн (пеня)төлөйт, анын өлчөмү жана эсептөө тартиби ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 5-пунктуна ылайык аныкталат.

Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү бузган учурда, керектөөчү аткаруучуга ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктунда жана 38-беренесинин 1 жана 4-пункттарында каралган башка талаптарды да кое алат.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-41)
