# 4-берене. Товардын (иштин, кызматтын) сапаты жана саны

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 21.02.2015 [Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/205459); 31.01.2015 [Закон КР от 31 января 2015 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205452); 13.02.2013 [Закон КР от 13 февраля 2013 года № 15 "О внесении изменения и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203822); 20.03.2002 [Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262707..27562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 4-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-4

---

1. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.

2. Келишимде товардын (иштин, кызматтын) сапаты жөнүндө шарттар айтылбаса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө адатта ошол максатта пайдаланылуучу товарды (ишти, кызматты) берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.

3. Эгерде сатуучу, аткаруучу келишим түзгөн учурда товарды сатып алуунун (ишти аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн) конкреттүү максаттары жөнүндө керектөөчү тарабынан кабарландырылса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул максатка ылайык пайдалануу үчүн жарактуу болгон товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.

4. Үлгүсү жана (же) сүрөттөлүшү боюнча товарды сатууда сатуучу керектөөчүгө үлгүгө жана (же) сүрөттөлүшүнө ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.

5. Эгерде техникалык жөнгө салуу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда, стандарттарда, эрежелердин жыйындысында жана келишимдердин шарттарында товардын коопсуздугуна карата милдеттүү талаптар жана товардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) сапатына карата талаптар каралса, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул талаптарга ылайык келген товарды өткөрүп берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.

6. Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.

Керектөөчү чыны менен алган товардын (иштин, кызматтын) эсебин алуу таразалардын, приборлордун, аспаптардын, эсептегичтердин жана башка өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттарынын көрсөтүүлөрү боюнча сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) тарабынан жүргүзүлөт, камсыз кылынат. Аталган жана керектөөчү алган товарлардын (иштердин, кызматтардын) санынын жекече эсебин алуунун башка чен-өлчөм приборлору сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) менчиги болуп эсептелет жана ал тарабынан тейленет. Эгерде сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүгө келишимде каралгандан аз санда товар (иш, кызмат) берсе, келишимде башкача каралба- са, мындай учурда сатуучу керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.

7. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төлөмдү накталай эмес формада жүзөгө ашыруу үчүн банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрихкоддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн багытталган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүшү) колдонууга милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2013-жылдын 13-февралындагы № 15, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-5)
