# 37-берене. Аткаруучу тарабынан иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөттөрүнүн бузулушунун кесепеттери

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 37-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-37

---

1. Эгерде аткаруучу иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) өз учурунда киришпесе же иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) учурунда иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) мөөнөтүндө бүткөрүлбөй тургандыгы айкын болуп калса, ошондой эле иштерди аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) создуктуруп жиберген учурда керектөөчү өз каалоосу боюнча:

аткаруучуга жаңы мөөнөт берүүгө, анын ичинде аткаруучу иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) жана (же) иштердин аткарылышын (кызмат көрсөтүүнү) аяктоого киришүүгө жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) үчүн бааны азайтууну талап кылууга; калыс баага үчүнчү бирөөлөргө иш аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) же аны өз күчтөрү менен аткарууну тапшырууга жана аткаруучудан тарткан чыгымдардын өндүрүлүшүн талап кылууга; иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) үчүн баанын азайтылышын талап кылууга; иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимди бузууга укуктуу. Керектөөчү ошондой эле иштерди аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) баштоо жана (же) бүткөрүү мөөнөттөрүн бузууга байланыштуу ага келтирилген зыянды толугу менен өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Тарткан зыян керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн белгиленген мөөнөттө өндүрүлөт.

2. Керектөөчү дайындаган аралыгында аткаруучу ишти аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) киришүүгө жана ишти аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) аяктоого тийиш болгон жаңы мөөнөттөр иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндөгү келишимде көрсөтүлөт.

Жаңы мөөнөттөр создуктурулган учурда керектөөчү ушу берененин 1-пунктунда белгиленген башка талаптарды аткаруучуга кое алат.

3. Иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндө келишим бузулганда керектөөчүгө кайтарылуучу, ошондой эле аткарылган иштин (көрсөтүлгөн кызматтын) баасын азайтууда эске алынуучу аткарылган иштердин (көрсөтүлгөн кызматтын баасы) ушул Мыйзамдын 23-беренесинин 3-пунктуна ылайык аныкталат.

4. Иштин аткарылышы (кызматтын көрсөтүлүшү) жөнүндө келишим бузулганда, эгерде аткаруучу ишти аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) өз учурунда киришпесе же ишти аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) жайбаракат ишке ашыргандыктан, белгиленген мөөнөтүндө ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) мүмкүн эмес болгон учурларда, аткаруучу ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) процессинде болгон өзүнүн чыгымдарын өндүрүп берүүнү, ошондой эле ага чейин аткарылган иш (көрсөтүлгөн кызмат) үчүн акы төлөөнү талап кылууга укуксуз.

Мындай учурларда керектөөчү менен аткаруучунун ортосундагы эсептешүүлөрдүн тартибинин өзгөчөлүктөрү иштин айрым түрлөрүн аткаруу (кызмат көрсөтүү) эрежелери менен белгиленет.

5. Ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) башталышынын жана аякталышынын белгиленген мөөнөттөрү же ушул берененин 1-пунктунун негизинде керектөөчү белгилеген жаңы мөөнөттөр бузулган учурда, аткаруучу керектөөчүгө созуп жиберүүнүн ар бир күнү (эгерде мөөнөтү саат менен аныкталса, анда сааты) үчүн ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасынын үч проценти өлчөмүндө айып төлөмүн (пеня) төлөп берет, ал эми ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишимде ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасы аныкталбаса - заказдын жалпы баасын төлөп берет. Ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө керектөөчү менен аткаруучунун ортосунда түзүлгөн келишимде айып төлөмүнүн (пенянын) кыйла чоң өлчөмү белгилениши мүмкүн.

Ишти аткарууну (кызмат көрсөтүүнү) баштоо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы үчүн айып төлөмү (пеня) ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) башталганга же керектөөчү ушул берененин 1-пунктунда каралган талаптарды койгонго чейин ар бир күн (эгерде мөөнөтү саат менен аныкталса, анда саат) үчүн төлөнөт. Ишти аткарууну (кызмат көрсөтүү) аяктоо мөөнөттөрүнүн бузулгандыгы үчүн айып төлөмү (пеня) ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) аяктаганга же керектөөчү ушул берененин 1-пунктунда каралган талаптарды койгонго чейин создуктуруунун ар бир күнү (эгерде мөөнөтү саат менен аныкталса, анда саат) үчүн төлөтүлөт. Керектөөчү өндүргөн айып төлөмүнүн (пенянын) суммасы ишти аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) айрым түрүнүн баасынан же эгерде иштин айрым түрүн аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасы ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде аныкталбаса заказдын жалпы баасынан ашпоого тийиш. Айып төлөмүнүн (пенянын) өлчөмү ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) баасына таянуу менен аныкталат, эгерде көрсөтүлгөн баа аныкталбаса, керектөөчүнүн талабы аткаруучу тарабынан канааттандырылууга тийиш болгон жерде мындай талап ыктыярдуу канааттандырылган күнкү же керектөөчүнүн талабы ыктыярдуу түрдө канааттандырылбаса, соттун чечими чыккан күнкү заказдын жалпы баасына таянуу менен аныкталат.

6. Эгерде аткаруучу ишти аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөттөрүнүн бузулушу колдон келбес күчтүн таасиринен же керектөөчүнүн күнөөсү менен болуп өткөндүгүн далилдей алса, керектөөчүнүн ушул берененин 1-пунктунда белгиленген талаптары канааттандырылбайт.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-38)
