# 36-берене. Иш (кызмат) аткаруу мөөнөттөрү

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 36-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-36

---

1. Аткаруучу иштин аткарылышын иштердин айрым түрлөрүн аткаруу эрежелеринде (кызматтын айрым түрлөрүн көрсөтүүдө) же иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттө иштердин аткарылышын (кызматтын көрсөтүлүшүн) жүзөгө ашырууга милдеттүү. Эгерде көрсөтүлгөн эрежелерде ал каралбаса, ошондой эле көрсөтүлгөн эрежелерде белгиленгенден мөөнөтү кыска болсо, иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндөгү келишимде иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөтү каралышы мүмкүн.

2. Иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөтү ага карата иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) аякталууга тийиш болгон дата (мезгил) же (жана) аткаруучу иштерди аткарууга (кызмат көрсөтүүгө) киришүүгө тийиш болгон дата (мезгил) менен аныкталууга тийиш. Эгерде, иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) жөнүндө келишимдин колдонулуу мөөнөтүнүн ичинде бөлүк-бөлүктөрү боюнча ишке ашырылса, иштерди аткаруунун (кызмат көрсөтүүнүн) жекече мөөнөттөрү (мезгилдери) каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-37)
