# 27-берене. Соодадагы тыюу салынган аракеттер

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 29.04.2025 [Закон КР от 29 апреля 2025 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам правового статуса в Кыргызской Республике национальной цифровой валюты - цифрового сома"](https://aqlex.ai/kg/doc/230026954); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100); 24.07.2015 [Закон КР от 24 июля 2015 года № 188 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111232); 21.02.2015 [Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/205459)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=32852..44233>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 27-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-27

---

Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) төмөндөгүлөргө укуксуз: Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулган техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген продукцияны даярдоого; Кыргыз Республикасынын аймагында ылайык келишин ырастоого тийиш болгон продукцияны ылайык келүү сертификаттарысыз же ылайык келүүсү жөнүндө декларацияларсыз сатууга; керектөөчү тарабынан билдирме жок болгондугуна карабастан акы төлөө боюнча эсебине сунуш кылуу менен товарларды берүү же кызмат көрсөтүүгө; кандайдыр бир товар сатылбаса же кызмат көрсөтүлбөсө, иш жүзүндө үйгө эч кандай зыян келтирилбесе, товар же болбосо кызмат көрсөтүү коркунучту четтете албай тургандыгы көрүнүп турса деле, кандайдыр бир кемчиликтен улам үйдө керектөөчүнүн жана анын үй-бүлөсүнүн ден соолугуна, коопсуздугуна же өмүрүнө коркунуч келтирүүдө деп билдирүүгө; товарларды же кызмат көрсөтүүнү акысыз же жеңилдик көрсөтүү менен берүү туурасында билдирүүгө же аларды алуу шарттарын ачык жана так көрсөтпөй туруп жогоркудай маанидеги сөздөрдү пайдаланууга; керектөөчүүдөн ар кандай материалдык фактыны жашырууга, мунун кесепетинен аны адаштыруу жана алдоо жана ушул туурасында керектөөчүнүн билбөөсү; (сегизинчи абзац КР 2015-жылдын 21-февралындагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) жагдай түзүп, ага жараша кардар скидка алуу же бүтүм түзүү үчүн түрткү катары башка жеңилдик алууга, бирок мында жеңилдик бүтүм жасалгандан кийин болуп өтүүчү иштерге жараша болушу; майыптыгынан, сабатсыздыгынан же келишим түзгөн экинчи тарап ал үчүн пайдаланган тилди түшүнө албагандыгынан улам керектөөчү өз кызыкчылыгын коргой албастыгын билип туруп же кардардын мындай жөндөмсүздүгүн билүүгө себептери болуп туруп мындай жагдайдан пайдаланууга; бир эле бүтүмдүн сатуучу оозеки баяндаган жана макулдашуунун жазуу жүзүндөгү вариантынын ортосундагы чоң айырмачылыкка же убада кылган пайданы камсыз кылууга бүтүм түзгөн экинчи тараптын жөндөмсүздүгүнө жооп берүүгө; иштин чыныгы абалы башкача болуп турса, бүтүмдүн фактысы жөнүндө адам ишенгидей кылып билдирүүгө; бүтүм түзүүдө олуттуу болуп саналган фактыларды жашырууга, бирок анын жоктугу товардын жакшы презентацияланышына алып келишине; аларды алмаштыруунун техникалык негиздемелерисиз жана керектөөчүнүн каалоосун эске алуусуз жаңы номердик белгилерди, контролдоп-өлчөөчү приборлорду жана башка каражаттарды сатып алууну таңулоого.

товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүдө сатып алуучунун төлөм системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банктык төлөм карталарын, санарип сомду, электрондук акчаларды пайдалануу менен операцияларды жүргүзүү үчүн багытталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) пайдалануу менен накталай эмес формада төлөө ыкмасын тандоосун чектөөгө. Сатуучулардын (аткаруучулардын) тизмеги, ошондой эле ага ылайык сатуучулар (аткаруучулар) банктык төлөм карталарын, санарип сомдорду, электрондук акчаларды кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) өздөрүндө орнотууга милдеттүү болгон критерийлер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок туруп, продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын (органикалык жана/же адал продукция жана кызмат көрсөтүүлөр) коюуга. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте контролдук-кассалык чекти бербестен продукцияны сатууга; банктык төлөм карталарын жана/же электрондук акчаларды жана/же улуттук стандарттагы штрих-коддун (QR-коддун) эки өлчөмдүү символдорун жана/же накталай эмес төлөмдүн башка инструменттерин пайдалануу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган, башка юридикалык же жеке жакка жана/же ишкердик иш менен байланышпаган жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн арналган сатуучунун өзүнө катталган жабдууну (программалык-техникалык түзүлүштү) колдонууга.

(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2015-жылдын 24-июлундагы № 188, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-26)  
Кийинки берене: [271-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-271)
