# 241-берене. Товарларды сатуунун дистанттык ыкмасы

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100); 31.01.2015 [Закон КР от 31 января 2015 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205452)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=32064..32852>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-241>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-241.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 241-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-241

---

1. "Товарды чекене сатып алуу-сатуу келишими каталогдор, проспекттер, буклеттер, фотосүрөттөр, байланыш каражаттары (телеберүү, почта, радио байланыш жана башка), интернет аркылуу сатуучу сунуш кылган товарды сыпаттоо менен керектөөчүнү тааныштыруунун негизинде же мындай келишимди түзүүдө керектөөчүнүн товар же товардын үлгүсү менен түздөн-түз таанышуу мүмкүндүгү болбогон башка ыкмалар (товарды сатуунун дистанттык ыкмасы) аркылуу түзүлүшү мүмкүн. Келишим түзгөнгө чейин сатуучу (даярдоочу) керектөөчүгө товардын негизги керектөө касиеттери, сатуучунун дареги (жайгашкан жери), товардын чыгарылган жери, сатуучунун (даярдоочунун) толук фирмалык аталышы, товардын жалпы баасы (бардык кошумча төлөмдөрдү кошо алганда) жана сатып алуунун, жеткирүүнүн шарттары, колдонуу мөөнөтү, жарамдуулук мөөнөтү жана кепилдик мөөнөтү, товарга төлөөнүн тартиби, ошондой эле келишим түзүү жөнүндө сунуштун колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды жана "Электрондук соода жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка маалымат берүүгө тийиш.

2. Керектөөчүгө товар жеткирилген учурда. ушул Мыйзамдын 9-беренесинде каралган товар жөнүндө маалымат, ошондой эле ушул берененин 3-пунктунда каралган товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш.

3. Керектөөчү товар берилгенге чейин кандай гана болбосун убакытта, ал эми товар берилгенден кийин – он төрт күндүн ичинде андан баш тартууга укуктуу.

Эгерде талаптагыдай сапаттагы товарды кайтаруунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө маалымат товарды жеткирген учурда жазуу жүзүндө берилген учурда, керектөөчү товар берилген учурдан тартып үч айдын ичинде андан баш тартууга укуктуу. Эгерде анын товардык көрүнүшү, керектөө касиеттери, ошондой эле көрсөтүлгөн товарды сатып алуу фактысын жана шарттарын ырастаган документ сакталган учурда, талаптагыдай сапаттагы товарды кайтарып берүүгө мүмкүн. Керектөөчүдө товарды сатып алуу фактысын жана шарттарын ырастаган документтин болбогону, аны товарды ушул сатуучудан сатып алгандагы башка далилдерге таянуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпайт. Керектөөчү товардан баш тартканда, сатуучу келишим боюнча керектөөчү төлөгөн акчалай сумманы керектөөчү тийиштүү талапты койгон күндөн тартып жыйырма бир күндөн кечиктирбестен, же болбосо сатуучу кайтарылган товарды алган күндөн тартып он төрт күндөн кечиктирбестен ага кайтарып берүүгө тийиш. Келишим боюнча керектөөчү тарабынан төлөнгөн акчалай сумма, эгерде керектөөчү кайтаруунун башка ыкмасын түз көрсөтпөсө, ал алынган ыкмада жана ошого окшош шарттарда кайтарылууга тийиш. Сатуучу акча каражаттарын кайтарып берүү мөөнөтүнүн өтүшү анын күнөөсү боюнча эмес жол берилгендиги үчүн жоопкерчилик тартпайт. Сатуучу кайтарылып берилген товарды алган датаны ырастоочу болуп товарды өткөрүп берүү жөнүндө почта же чабарман кызматынын белгилөөсү саналат. Дистанттык ыкмада сатып алынган товарларды кайтаруу менен байланышкан чыгымдарды сатуучу көтөрөт.

4. Сапаты талаптагыдай болбогон товарды аралыктык ыкма менен сатуунун кесепеттери ушул Мыйзамдын 17-23-беренелеринде каралган жоболордо белгиленген.

(КР 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2025-жылдын 19-майындагы № 98, 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-24)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-25)
