# 24-берене. Сапаты талаптагыдай болгон товарды алмаштырууга керектөөчүнүн укугу

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=32852..44233>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 24-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-24

---

1. Эгерде товар формасы, көлөмү, фасону, түсү, өлчөмү боюнча же башка себептер менен керектөөчү тарабынан тиешелүү максаты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болбосо, керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон мындай азык-түлүк эмес товарды өзү сатып алган сатуучудан алмаштырып алууга укуктуу.

Керектөөчү сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товарды сатылып алынган күндү кошпогондо он төрт күндүн ичинде алмаштырып алууга укуктуу. Эгерде көрсөтүлгөн товар колдонулбаса, анын товардык көрүнүшү, керектөө касиетгери, пломбалары, фабрикалык жарлыктары, ошондой эле керектөөчүгө сатылган товар менен бирге берилген контролдук-кассалык чеги же сатып алуу фактысын ырастоочу башка документ сакталган учурда сапаты талаптагыдай болгон азык-түлүк эмес товар, анын ичинде мурда колдонулбаган, арзандатылган жана төмөндөтүлгөн баа боюнча сатып алынган товарды алмаштыруу жүргүзүлөт. Ушул беренеде көрсөтүлгөн негиздер боюнча алмаштырылбай турган товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

2. Керектөөчү сапаты талаптагыдай товарды кайра кайтарганда анын товар үчүн төлөнгөн акчалай сумманы кайтаруу жөнүндө талабы сатуучу тарабынан токтоосуз канааттандырылууга тийиш. Эгерде керектөөчүнүн талабын токтоосуз канааттандырууга мүмкүн болбогон учурда. талапты канааттандыруу үчүн максималдуу мөөнөт жети күндөн ашпоого тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-23)  
Кийинки берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-241)
