# 21-берене. Керектөөчүнүн айрым талаптарын канааттандыруу мөөнөттөрү

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 21-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-21

---

Товардын сатылуучу баасын өлчөмү менен азайтуу, товардын кемчиликтерин түзөтүүгө кетүүчү чыгымдарды өндүрүп берүү жөнүндө керектөөчүнүн талаптары, ошондой эле соода-сатык келишимин бузуу менен керектөөчүгө келтирилген чыгашаны өндүрүү (сапаты талаптагыдай болбогон товарды даярдоочуга кайтарып берүү жөнүндө керектөөчүнүн же үчүнчү бирөөлөрдүн талаптары сатуучу (даярдоочу) же аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм тарабынан тийиштүү талап коюлган күндөн тартып он күндүн ичинде канааттандырылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-22)
