# 19-берене. Даярдоочу (сатуучу) тарабынан товардын кемчилигин четтетүү

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 19-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-19

---

1. Товардан табылган кемчиликтер керектөөчү товардын кемчилигин четтетүү туурасында талап койгон күндөн тартып жыйырма күндүн ичинде аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде даярдоочу (сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аткарган уюм тарабынан четтетилүүгө тийиш.

2. Узак мезгилге пайдаланылуучу товарларга карата даярдоочу (сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аткаруучу уюм аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде керектөөчү тарабынан көрсөтүлгөн талап коюлганда жети күндүк мөөнөттө керектөөчүгө ремонт жүрүп жаткан мезгилге ошондой товарды акысыз берип, өз эсебинен жеткирип берүүнү камсыз кылууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн талап жайылтылбаган узакка пайдаланылуучу товарлардын тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилейт.

3. Товардын кемчилиги четтетилген учурда анын кепилдик мөөнөтү товар пайдаланылбаган мезгилге узартылат. Бул мезгил товардын кемчилигин четтетүү жөнүндө керектөөчү талап коюп кайрылган күндөн тартып ремонт бүткөндөн кийин, аны кайтадан берген күнгө чейин эсептелет.

4. Кепилдик мөөнөтү коюлган негизги товардын комплектилөөчү жасалгасы же составдуу бир бөлүгү алмаштырылып, товардын кемчилиги четтетилген учурда негизги товардын жаңы комплектилөөчү жасалгасына же составдуу бөлүгүнө кепилдик мөөнөт ремонт бүткөндөн кийин ушул товар керектөөчүгө берилген күндөн тартып эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-20)
