# 17-берене. Сапаты жакшы эмес товарды сатуунун кесепеттери

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 24.07.2015 [Закон КР от 24 июля 2015 года № 188 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/111232); 31.01.2015 [Закон КР от 31 января 2015 года № 29 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205452); 20.03.2002 [Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262707..27562>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 17-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-17

---

1. Эгерде сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу боюнча:

товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү; сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну; ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну; сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну; Соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат. Мында керектөөчү ошондой эле сапаты жакшы эмес товарды сатуунун кесепетинен өзүнө келтирилген чыгашанын ордун толук толтурууну талап кылууга укуктуу. Чыгаша керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өндүрүлөт. Ушул пункттун төртүнчү-алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөндөй техникалык жактан татаал товарларга карата керектөөчүнүн талабы мындай товарлардан олуттуу кемчиликтер табылган учурда канааттандырылат. Мындай товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Керектөөчүлөргө сатуу үчүн сатуучу комиссиянын келишими боюнча сатып алган товарларга карата, ушул пункттун экинчи жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн керектөөчүнүн талаптары сатуучунун макулдугу менен канааттандырууга тийиш.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучуга же сатуучунун милдетин аткарган уюмга керектөөчү тарабынан коюлат.

3. Керектөөчү ушул берененин 1-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарды даярдоочуга же аны менен келишимдин негизинде даярдоочунун милдетин аткарган уюмга коюуга укуктуу.

Мындай талаптарды коюунун ордуна керектөөчү сапаты жакшы эмес товарды даярдоочуга кайтарып берүүгө жана мындай товарга төлөнгөн сумманын кайтарылышын талап кылууга укуктуу.

4. Жарактуулук мөөнөтү коюлган сапаты начар товарды кректөөчү сатып алган учурда сатуучу мындай товарды сапаты жакшы товарга алмаштырып берүүгө же эгерде товардын кемчилиги жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде табылса керектөөчүгө төлөнгөн сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү.

5. Керектөөчүнүн талаптары керектөөчү тарабынан контролдук-кассалык чек, ал эми кепилдик мөөнөттөрү белгиленген товарларга карата, - анын ичинде техникалык паспорту же башка аны алмаштырган документи көрсөтүлгөндө каралат.

Сатуучу керектөөчүгө контролдук-кассалык чекти же сатып алуу фактысын күбөлөндүргөн башка документти берүүгө милдеттүү. Сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм сапаты жакшы эмес товарды керектөөчүдөн кабыл алууга, ал эми зарыл учурда товардын сапатын текшерүүгө милдеттүү. Керектөөчү товардын сапатын текшерүүгө катышууга укуктуу. Товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө талаш чыкканда сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу уюм өз эсебинен товарды экспертизадан өткөрүүгө милдеттүү. Товарларга (иштерге, кызматтарга) экспертиза он жумушчу күндүн ичинде, техникалык татаал товарлар (иштер, кызматтар) үчүн иштер экспертизага келип түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде жүргүзүлөт. Керектөөчү товарды экспертизадан өткөрүүгө катышууга, мындай экспертизанын корутундусун соттук тартипте талашууга укуктуу. Эгерде товарды экспертизалоонун негизинде анын кемчилиги товарды керектөөчүгө аны пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузуунун, үчүнчү адамдардын же колдон келбес күчтүн таасиринин кесепетинен пайда болгондугу аныкталса, керектөөчү сатуучуга (даярдоочуга) же келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмга экспертиза өткөрүүгө кеткен, ошондой эле аны өткөрүүгө байланыштуу товарды сактоого жана ташууга кеткен чыгымдарды өндүрүп берүүгө милдеттүү. Сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм, эгерде товардын кемчилиги керектөөчүгө товарды өткөрүп бергенден кийин аны пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузуунун, үчүнчү бирөөлөрдүн же колдон келбес күчтүн аракеттеринин кесепетинен пайда болгондугун далилдей албаса, керектөөчүнүн талаптарын канааттандырууга милдеттүү.

6. Көлөмү чоң товарды жана салмагы беш килограммдан ашкан товарды ремонт, арзандатуу, алмаштыруу үчүн жеткирүү жана керектөөчүгө кайтарып берүү сатуучунун (даярдоочунун) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюмдун күчү менен жана анын эсебинен ишке ашырылат. Бул милдет аткарылбаган, ошондой эле сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм болбогондо керектөөчү турган жерге көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү жана кайта алып келүү керектөөчү тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн. Мында сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткарган уюм көрсөтүлгөн товарларды жеткирүү жана кайтарып келүү менен байланышкан чыгымдарды керектөөчүгө толуктап берүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2015-жылдын 31-январындагы № 29, 2015-жылдын 24-июлундагы № 188, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакцияларында ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-18)
