# 15-берене. Керектөөчүнүн укуктарын кыскан келишимдин шарттарынын жараксыздыгы

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 185 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей""](https://aqlex.ai/kg/doc/203994)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262697..1262698>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 15-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-15

---

1. Керектөөчүнүн укуктарын кыскан жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп табылат.

Эгерде керектөөчүнүн укуктарын кыскан келишимди аткаруунун натыйжасында керектөөчү чыгаша тартса, ал даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.

2. Бир товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууну башка товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сатып алуу менен шарттоого тыюу салынат. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) эркин тандап алууга керектөөчүнүн укугун бузуунун кесепетинен ага келтирилген зыян сатуучу (аткаруучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлөт.

3. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүнүн макулдугусуз акыга кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Керектөөчү өзүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөнгөн сумманы кайтарууну сатуучу (аткаруучудан) талап кылууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-16)
