# 13-берене. Товардын (иштин, кызматтын) кемчилигинен улам келтирилген зыян үчүн мүлктүк жоопкерилик

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 13-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-13

---

1. Товардын (иштин, кызматтын) конструктивдүү өндүрүштүк рецептуралык же башка кемчиликтеринин кесепетинен керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.

2. Товардын (иштин, кызматтын) кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыянды өндүрүүнү талап кылуу укугуна сатуучу (аткаруучу)менен келишимдик мамиледе болгондугуна же болбогондугуна карабастан ар кандай жапа чегүүчү ээ.

3. Керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян товардын (иштин) белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн же жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде келтирилсе, анда зыян өндүрүлүп берилүүгө тийиш.

Эгерде ушул Мыйзамга ылайык даярдоочу (аткаруучу) тарабынан товарга (ишке) колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлууга тийиш болуп, бирок ал коюлбаса, же товар сатылган (иш аткарылган) керектөөчү колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийинки зарыл аракеттер жана көрсөтүлгөн аракеттер аткарылбаган учурда, мүмкүн болуучу натыйжалар жөнүндө эскертилбесе, зыян келтирилген убактысына карабастан кайтарылууга тийиш. Эгерде ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктуна ылайык даярдоочу (аткаруучу) товарга (ишке) колдонулуу мөөнөтүн койбосо, келтирилген зыян товар (иш) керектөөчүгө берилген күндөн тартып он жылдын ичинде, ал эми берилген күнүн тактоо мүмкүн болбосо, товар даярдалган күндөн тартып (иш аткарылып бүткөндөн) зыян өндүрүлүп берилет. Товардын кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыян жабыркоочунун каалоосу боюнча сатуучу же даярдоочу тарабынан товар өндүрүлүп берилет. Иштин же кызмат көрсөтүүнүн кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыян аткаруучу тарабынан өндүрүлүп берилүүгө тийиш.

4. Даярдоочу (аткаруучу) материалдарды, жабдууларды, аспаптарды жана товар чыгаруу (иш аткаруу, кызмат көрсөтүү) үчүн зарыл болгон башка каражаттарды пайдаланууга байланыштуу керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат, мында илимий жана техникалык билимдердин деңгээли алардын өзгөчө касиетин табууга мүмкүндүк берээр бербеси эске алынбайт.

5. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) колдон келбес күчтүн кесепетинен же керектөөчү товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузгандыктан зыян келтирилгендигин далилдей алса, жоопкерчиликтен бошотулат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-14)
