# 12-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 20.03.2002 [Закон КР от 20 марта 2002 года № 42 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/997)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=1262706..1262707>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 12-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-12

---

1. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн ушул Мыйзамда же жарандык мыйзамдарга ылайык керектөөчү менен түзүлгөн товарды сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишиминде каралган жоопкерчиликти тартат.

2. Керектөөчүгө келтирилген зыян ушул Мыйзамда же келишимде айып төлөм (пеня) ашкан толук суммасында өндүрүлүп берилүүгө тийиш.

3. Айып төлөмдү (пеняны) төлөө жана чыгашанын ордун толтуруу сатуучуну (даярдоочуну, аткаруучуну) керектөөчүнүн алдында ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан бошото албайт.

4. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) эгерде милдеттенмесин аткарбай коюу же аны туура эмес аткаруу колдон келбеген күчтүн кесепетинен, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча болгондугун далилдей алса, милдеттенмесин аткарбагандыгы үчүн же милдеттенмесин туура эмес аткаргандыгы үчүн тарта турган жоопкерчиликтен бошотулат.

(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 20-мартындагы № 42, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-10)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-13)
