# 11-берене. Негизги түшүнүктөр

- Документ: [Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/590)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 10-декабрындагы № 90 "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 10.12.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2025 [Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027006); 22.06.2023 [Закон Кыргызской Республики от 22 июня 2023 года № 125 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112611); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342); 22.07.2020 [Закон КР от 22 июля 2020 года № 84 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/112100); 21.02.2015 [Закон КР от 21 февраля 2015 года № 38 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О защите прав потребителей"](https://aqlex.ai/kg/doc/205459)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/590#diff=32064..32852>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-556/edition/1262691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/590/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө, 11-берене (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-11

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат: керектөөчү - тапшырык берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырык берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран; даярдоочу - өз атынан продукция өндүрүүнү же аны өндүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу жана анын техникалык регламенттердин талаптарына ылайыктуулугу үчүн жооптуу юридикалык же жеке ишкер катары катталган жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк даярдоочу; аткаруучу - менчигинин түрүнө карабастан кайтарымдуу келишим боюнча иш аткарган же керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер; сатуучу - сатып алуу-сатуу (иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү жөнүндө) келишими боюнча товарларды сатуучу жана кызматтарды көрсөтүүчү уюштуруучулук-укуктук формасына карабастан уюм, жеке ишкер жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда жаран (жеке жак); ылайыктуулук сертификаты - продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилге чыгаруу процесстеринин, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына ылайык келүүсүн ырастоочу документ; стандарт - көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү белгиленген, консенсустун негизинде иштелип чыккан документ. Стандарт терминологияга, символикага, таңгактоого, маркировкалоого жана/же этикеткалоого карата коюлуучу талаптарды да камтышы мүмкүн; товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) кемчилиги же талаптагыдай эмес сапаттагы товар - товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) стандартка, келишимдин шарттарына же товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына карата адатта коюлуучу талаптарга ылайык келбегендиги; товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) олуттуу кемчилиги - товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) максаттуу багытына ылайык пайдаланылышына мүмкүндүк бербеген же жол бербеген же болбосо четтетүү мүмкүн болбогон, же болбосо четтеткенден кийин деле кайрадан пайда боло берген, же болбосо аны четтетүү үчүн чоң чыгымдар талап кылынган, же болбосо келишим түзүүдө анын кесепетинен керектөөчү эсептөөгө укуктуу болгондордун кыйласынан ажырап калган кемчилик; товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу - кадимки шартта пайдаланууда, сактоодо, ташууда жана утилдештирүүдө керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу, ошондой эле ишти (кызмат көрсөтүүнү) аткаруу процессинин коопсуздугу; соода предмети ар кандай товарды, продукцияны, кызмат көрсөтүүнү же соода кызмат көрсөтүүлөрүн чыгарууну камтыйт, бирок чектебейт; сатып алуу-сатуу келишими - товардын сапаты, мөөнөтү, баасы жана сатып алуу-сатуунун башка шарттары, иштердин аткарылышы, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө сатуучу (аткаруучу) менен керектөөчүнүн ортосундагы макулдашуу; мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар - өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин жана мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар; ыйгарым укуктуу орган - керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган; монополияга каршы мамлекеттик орган - товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган. (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Абзац Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

мониторинг жүргүзүү - фото- жана видеобайкоо аркылуу жүргүзүлүүчү жана ушул Мыйзамда белгиленген ченемдерди бузууларды табууга жана четтетүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин ишин байкоо, чогултуу, түшүрүү, талдоо процесси, ал текшерүү болуп саналбайт жана текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп бере албайт. Мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар табылган учурда монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аныкталган бузууларды четтетүү тууралуу эскертүү берилет. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин бузуулар кайталап табылган учурда, табылган бузууларды четтетүү максатында монополияга каршы мамлекеттик орган, мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-февралындагы № 38, 2020-жылдын 22-июлундагы № 84, 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 22-июнундагы № 125, 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-1)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/590/st-2)
