# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги №145 токтомуна бекитилген "Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө"жобо

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги №145 токтомуна бекитилген "Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө"жобо
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 145
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12683/edition/328171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги №145 токтомуна бекитилген "Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө"жобо (15.05.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58999

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-апрелиндеги

№ 145 токтому менен

бекитилген

Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук

инвентаризация жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Токой кодексине жана Кыргыз

Республикасынын Жер кодексине ылайык иштелип чыккан.

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын токойлоруна улуттук инвентари-

зация жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.

II. Токойлорго улуттук инвентаризация

3. Токойлорго улуттук инвентаризация - токойлордун абалын, алардын

сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүн аныктоо боюнча иш-чараларды систе-

масы.

4. Токойлорго улуттук инвентаризация токойлорду коруу, коргоо, кө-

бөйтүү, сарамжалдуу пайдалануу, биологиялык түрлөрдү сактоо тармагында

туруктуу мамлекеттик башкаруунун маанилүү элементи болуп саналат, улут-

тук токой саясатын иштеп чыгуу үчүн негиз, айлана-чөйрөнү коргоо, че-

чимдерди ыкчам жана өз убагында кабыл алуу, токойлордун сандык жана са-

паттык өзгөрүүлөрүн контролдоо жана мамлекеттик органдардын, жергилик-

түү жамааттардын, жеке сектордун жана жарандык коомдун токойлордун аба-

лы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө ыкчам, туура жана зарыл маалыматка муктаж-

дыктарын камсыздоо үчүн Кыргызстандын токойлорунун ролун сактоого жана

жогорулатууга негиз болот.

III. Токойлорго улуттук инвентаризациянын максаты

Токойлорго улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн максаты токой секто-

рун туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоону, биологиялык түрлөрдү сактоону жа-

на токойлордун абалы, алардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жөнүн-

дө ишеничтүү, туура жана зарыл маалыматтык база түзүү аркылуу токой

секторунда коррупцияны жоюуну көздөйт.

IV. Токойлорго улуттук инвентаризация

киргизүүнүн негизги принциптери

Токойлорго улуттук инвентаризация киргизүүнүн негизги принциптери

төмөнкүлөр болот:

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы токойлорду толук камтуу;

- бирдей илимий негизделген методологияны, карталар системасын,

маалыматтар базасын колдонуу;

- токойлорго инвентаризация жүргүзүүнүн үзгүлтүксүздүгү;

- токойлордун абалы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө маалыматтын тууралы-

гы, көрсөтмөлүүлүгү, актуалдуулугу, ыкчамдыгы, жеткиликтүүлүгү жана до-

кументтүүлүгү.

V. Кыргыз Республикасынын токойлоруна

улуттук инвентаризацияны уюштуруу жана

жүргүзүүнүн тартиби

5. Токойлорго улуттук инвентаризация токой чарбасын башкаруучу

республикалык мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтому- нун редакциясына ылайык)

6. Токойлорго улуттук инвентаризация мамлекеттик, муниципалдык жа-

на жеке токой фонддорунун, өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын

(мындан ары - ӨКЖА) токойлоруна жана башка категориялардагы жерлердеги

токойлордо жүргүзүлөт.

7. Токойлорго улуттук инвентаризация жүргүзүүнүн методологиясын

токой чарбасын башкаруучу республикалык мамлекеттик орган бекитет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-майындагы № 248 токтому- нун редакциясына ылайык)

8. Токойлорго улуттук инвентаризация тийиштүү жылга карата беки-

тилген республикалык бюджеттин каражаттарынын жана атайын каражаттардын

эсебинен ишке ашырылат.

9. Токойлорго улуттук инвентаризация үзгүлтүксүз, мезгил-мезгили

менен жана зарылдыгына жараша жүргүзүлөт.

10. Токойлорго үзгүлтүксүз инвентаризация - токой фондунун, ӨКЖА-

нын жерлерине жана башка категориялардагы жерлерге мониторинг жүргүзүү

жолу менен токойлордун көрсөткүчтөрүн жыл сайын аныктоо.

11. Токойлорго мезгил-мезгили менен инвентаризация - токой фонду-

нун, ӨКЖАнын жерлерине жана башка категориялардагы жерлердеги токойлор-

дун көрсөткүчтөрүн мезгил-мезгили менен (тийиштүү убакыттан кийин)

аныктоо.

12. Зарылдыгына жараша инвентаризация - токой фондунун, ӨКЖАнын

жерлерине жана башка категориялардагы жерлерде орчундуу өзгөрүүлөр бол-

гон учурда токой ресурстары жөнүндө маалыматтарды топтоо зарыл болгондо

жүргүзүлөт.

13. Токойлорду улуттук инвентаризациялоо системасы төмөнкүлөрдү

камтыйт:

- маалыматтык муктаждыктарды жана инвентаризациянын максаттарын

аныктоо;

- сынамык аянттарды аныктоо менен кошо изилдөөнү даярдоо жана маа-

лыматтарды талдоо үчүн программалык камсыздоо, талаалык колдонмону да-

ярдоо;

- маалыматтарга баа берүү (талаалык сүрөткө тартуулар, космостук

сүрөттөрдү чечмелөө, цифралык сүрөттөрдү талдоо, информацияны башка

маалымат булактарынан чогултуу);

- чогултулган маалыматтарды талдоо жана жыйынтыкты жарыялоо.

14. Алынган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын токойло-

рунун абалы жөнүндө мамлекеттик (улуттук) отчет тексттик жана графика-

лык материалдар түрүндө даярдалат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

бекитүүгө берилет.

15. Кыргыз Республикасынын токойлорунун абалы жөнүндө мамлекеттик

(улуттук) отчетто токойлордун сандык жана сапаттык абалы жөнүндө маалы-

маттар, аларга жалпы республика боюнча жана администрациялык-аймактык

түзүлүштөр боюнча берилген баа, алардын категориялар боюнча бөлүнүшү

жөнүндө жана башка маалыматтар болот.
