# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.11.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58994>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12680/edition/595224/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58994.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.11.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"токтому (18.11.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58994

---

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 14-апрели № 147

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Айылдык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн товардык жана финансылык жардам катарында мамлекет тарабынан бөлүнүүчү же мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынуучу аштык буудай данынын үрөнү, ми- нералдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар түрүндөгү товардык кредиттерди жайгаштыруу, эсепке алуу жана пайдалану- уну контролдоо механизмин өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товар-

дык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-ноябрындагы №

670 "Мамлекет тарабынан товардык жана финансылык жардам катарында алын- ган же тартылган мамлекеттик кредиттердин эсебинен сатып алынган мине- ралдык жер семирткичтер, күйүүчү-майлоочу материалдар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары жана башка материалдык-техникалык ресурстар түрүндө товардык кредиттерди берүүнүн жана бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы №

614 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуш- тарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу туу- ралуу" токтомунун 2-пунктунун алтынчы абзацы.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
