# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №141 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №141 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 141
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58987>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12673/edition/328159/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58987.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №141 "Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө"токтому (10.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58987

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-апрели № 141

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер"

категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыштык

аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республи-

калык комиссия менен макулдашылган, Ысыккөл районунун Чоњ-Сары-Ой айыл-

дык кењешинин аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү

жарандарына жеке менчик укугунда таандык 17,75 га сугат айдоону "Айыл

чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өзгөчө корголуучу жаратылыш-

тык аймактардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл

алынсын:

Р. Салиевага - 4,8 га сугат айдоону;

К. Абдановага - 4,8 га сугат айдоону;

Т. Манаевага - 4,95 га сугат айдоону;

М. Жекшеналиевага - 3,2 га сугат айдоону.

2. Кыргыз Республикасынын Ысыккөл облусунун мамлекеттик админист-

рациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргиз-

син;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жер участокторго курулуш ку-

рууга шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 4-апрелиндеги № 91 "Чолпоната, Кара-Ой, Бозтери курорттук

комплекстеринин башкы пландарын бекитүү, Тору-Айгыр, Кошкөл, Сары-Ой

жана Чоктал эс алуу зоналарын аймактык өнүктүрүү схемасын жактыруу жана

Ысыккөл облусунун курорттук-рекреациялык аймактарын жайгаштырууну жак-

шыртуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому менен жактырылган Чоктал эс алуу

зонасын аймактык өнүктүрүү схемасына ылайык иштеп чыксын;

- "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып

коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу

наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгилен-

ген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун

толтуруу наркынын суммасын ушул токтомдун 1-пунктунда саналып өткөн

Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан төлөнүшүн камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу

бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
