# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №140 "Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №140 "Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 140
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12672/edition/776635/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-апрелиндеги №140 "Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө"токтому (17.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58986

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-февралындагы № 112 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 10-апрели № 140

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бажылык тариздөөнү жүргүзүүдө бажы органдарынын

сарптоолорунун чектик наркын белгилөө жөнүндө

"Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу жөнүндө Марракеш макулдашуу-

суна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Протоколду ратификация-

лоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 17-ноябрындагы № 146

Мыйзамы менен ратификацияланган Бүткүл дүйнөлүк соода уюмун уюштуруу

жөнүндө Марракеш макулдашуусуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу туура-

луу Протоколго ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга тийиш

болгон 1947-жылдын 30-октябрындагы Тарифтер жана соода боюнча башкы ма-

кулдашуунун (ГАТТ) VIII статьясынын талаптарына ылайык, ошондой эле

"Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорт-

тук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-октябрындагы № 464 Жарлы-

гынын 2-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети товар катары

декларациялануучу товарларды, транспорттук каражаттарды бажылык та-

риздөө үчүн бажы жыйымдарын алууну бажы наркынын 0,15 проценти

өлчөмүндө, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2 өлчөмүнөн кем эмес жана эсептик

көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмес жүргүзсүн.

2. Бажылык тариздөөнү ал үчүн белгиленгенден башка жерде жана бажы

органдарынын иш убактысынан тышкары жүргүзүүдө бажы жыйымдары эки эсе-

ленген өлчөмдө, бирок эсептик көрсөткүчтүн 2500 өлчөмүнөн ашык эмес

алынары белгиленсин.

3. "Товарлардын бажылык жасалышы жана келип чыккандагы жөнүндө

сертификат берүү үчүн жыйымдардын өлчөмүн белгилөө тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 19-июнундагы № 368 токтомунун

1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндөн кийин

күчүнө кирет.

Премьер-министр И.Чудинов
