# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №137 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6 сентябрындагы N 395 токтому менен бекитилген Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №137 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6 сентябрындагы N 395 токтому менен бекитилген Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 137
- Кабыл алынган күнү: 09.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58983>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12669/edition/879897/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58983.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 9-апрелиндеги №137 "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6 сентябрындагы N 395 токтому менен бекитилген Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58983

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 9-апрели № 137

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө

экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6 сентябрындагы № 395

токтому менен бекитилген Көмүскө экономиканы легалдаштыруу

боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө

Көмүскө экономика - мамлекеттик негиздерди начарлатуучу көрүнүш.

Экономиканын мамлекет тарабынан контролго алынбаган секторунун жогорку

дењгээли Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн ту-

руктуулугуна коркунуч келтирет. 2006-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өндүрүш жагынан баалан-

ган өлкөдөгү байкоого алынбаган экономиканын өлчөмдөрү айыл чарбасын

эсепке албаганда ИДПнын 19,4 пайызын түздү. Эл аралык уюмдардын жана

көз карандысыз эксперттердин изилдөөлөрүнө ылайык өлкөдөгү көмүскө эко-

номиканын масштабдары ИДПнын 50 пайызынан жогору.

Көмүскө экономика расмий экономика менен биригип кеткен жана аны

менен эмгек, материалдык жана финансылык ресурстарды колдонууда атаан-

дашат. Мында эсепке алуучу нерсе, бул цифралар ушул чөйрөдөгү иштердин

жагдайын толук чагылдырбайт.

Жалпысынан Кыргызстанда көмүскө экономика соода, кызмат көрсөтүү

жана туризм чөйрөлөрүндө, ошондой эле чакан товардык өндүрүштө бар. Кө-

мүскө экономиканын чөйрөсүнө баарынан көбүрөөк ИДПны 30дан 40 пайызга

чейин камсыз кылуучу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү кирет.

Акыркы жылдары көмүскө экономиканын таасири өзүнүн катышуусу менен

атаандаштыктын тењ эмес шарттарын түзүп, мыйзамдуу бизнести өнүктүрүү

үчүн олуттуу тоскоолдук дењгээлине жетти. Мындан тышкары, көмүскө эко-

номика өлкөдөгү коррупциянын негизги булактарынын бири болуп калды.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын

9-апрелиндеги № 69-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиясы тарабы-

нан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 395

токтому менен бекитилген 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында кө-

мүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жана 2007-2010-жылдар-

га Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча

иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-

лиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Кыргыз Республикасында

көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын негизги көлөмү

аткарылган эмес: 2007-жылга пландаштырылган 36 иш-чаралардан 17 иш-чара

(48%) аткарылган жана 19 иш-чара (52%) аткарылган эмес.

Программанын жана Иш-чаралардын планынын аткарылбагандыгы төмөнкү-

лөр менен шартталган.

Биринчиден, аткаруунун чектелген мөөнөттөрү. 2007-2010-жылдарга

Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча план

жана программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентяб-

рындагы № 395 токтому менен бекитилген. Ошентип, 2007-жылы аткарууга

пландаштырылган чаралар башынан эле аткарылбаган мөөнөттөргө ээ болчу.

Көпчүлүк министрликтер жана ведомстволор иш-чараларды оперативдүү атка-

рууга даяр эмес болуп чыгышты. Программаны жана Иш-чаралардын планын

аткаруу боюнча артыкчылыктуу багыттарды иштеп чыгуу процессинде минист-

рликтердин, ведомстволордун, жеке сектордун жана жарандык коомдун ма-

кулдашылган катышуусу тийиштүү түрдө жүргүзүлгөн эмес.

Экинчиден, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 134

"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга

байланыштуу мунапыс тууралуу" Мыйзамы күтүлгөн натыйжаны алып келген

жок.

Үчүнчүдөн, Иш-чаралардын планы көмүскө экономиканы легалдаштыруу

боюнча бардык керектүү аракеттерди камтыбайт. Атап айтканда, Планда

техникалык регламенттерди тездетип иштеп чыгуу жана кабыл алуу аркылуу

Кыргыз Республикасынын "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө"

Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу каралган эмес, бул көмүскө экономи-

канын масштабдарын кыскартуу боюнча күч-аракеттерде маанилүү түзүүчүсү

болуп эсептелет. Ошондой эле, патенттик салык салуу системасын карап

чыгуу Планда патенттик негизде иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдүн маалы-

мат базасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү сыяктуу толук эмес чаралар менен

көрсөтүлгөн. Патенттин наркын эсептөө ыкмасынын маселеси жана патент

түшүнүгүнүн так аныктамасы Планга киргизилген эмес.

Мындан тышкары, Иш-чаралардын планы жооптуу аткаруучулар жагында

толук иштелген эмес. Мисалы, маалыматтык компанияны жүргүзүү боюнча

жооптуу аткаруучуларда, телевидение өлкөнүн ар бир жашоочусу үчүн кө-

мүскө экономиканы легалдаштыруунун маанисин көрсөтүүнүн массалык кара-

жаттарынын бири катары эсептелген учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук

телерадио компаниясы көрсөтүлгөн эмес.

Төртүнчүдөн, көмүскө экономиканы легалдаштыруу жана салык төлөөчү-

лөрдүн ак ниеттүүлүгү көбүнчө формалдуу бизнестин жагымдуулугун жогору-

латууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн, бул мамлекеттик органдарга басым кылуу

аркылуу коррупцияга каршы күрөшүү жана салык оорчулугун кыскартууну

болжолдойт. Бирок, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин

жањы редакциясы кабыл алынган эмес жана ишке киргизилген эмес; Кыргыз

Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын

"Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамында "коррупция" аныктамасы

так берилген эмес.

Ошентип, 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө эконо-

миканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планынын жарымынан азы гана

аткарылган. Субъективдүү себептердин бири болуп өзүнүн күнүмдүк ишмер-

дүүлүгүндө 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономика-

ны легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын кыйла артыкчылыктуу деп

эсептөөгө милдеттүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана

администрациялык ведомстволордун аткаруу тартибинин төмөнкү дењгээли

эсептелет. Объективдүү себептерге аткаруу бийлигинин түзүмүнүн өзгөр-

гөндүгү, аталган тармакта адистердин кесиптик даярдыгынын начардыгы жа-

на аткаруу мөөнөттөрүнүн чектелгендигин киргизсе болот.

Жогоруда белгиленген жагдайлардын субъективдүү жана объективдүү

экендигин таанып Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана

соода министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апре-

линдеги N 69-б буйругу менен түзүлгөн Көмүскө экономиканы легалдаштыруу

боюнча жумушчу комиссиянын эксперттик тобун жана жарандык коомдун өкүл-

дөрүн тартуу менен Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралар-

дын планын кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейт.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана көмүскө экономика социал-

дык-экономикалык өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизээрин, Кыргыз Респуб-

ликасынын Өкмөтүнө коомчулуктун ишенимин кетире тургандыгын жана эконо-

миканы туруксуз абалга келтире тургандыгын эске алып Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтү токтом кылат:

1. 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы

легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин

маалыматы эске алынсын.

2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык

ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүү

мамлекеттик администрациялардын 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республика-

сында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын жү-

зөгө ашырууга карата иштери жетишсиз деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

трлиги бир айлык мөөнөттө 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында кө-

мүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программаны жана 2007-2010-жыл-

дарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча

иш-чаралардын планын кайра карап жана толуктап иштеп чыксын жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бө-

лүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри И.Чудинов
