Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо боюнча 2008-2015-жылдарга» Мамлекеттик Программа
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 20 июня 2018 года № 291 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-06-20.
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 4-апрелиндеги
№ 122 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден
соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен
коргоо боюнча 2008-2015-жылдарга
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММА
1. Киришүү
Тамеки тартуу проблемасы Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнөлүк
коомчулуктун алдында турган глобалдык социалдык проблема. Тамеки тарту-
унун таралышы бүт дүйнөдөгү калктын саламаттыгы үчүн коркунуч туудуруу-
да. Тамеки колдонуу жылына 5 миллионго жакын адамды өлүмгө дуушарлантып
жатат. Бул болжол менен күнүнө 13,5 мињ адам, же бир мүнөттө 10 адам
каза болот дегенге барабар (ДССУ, 2002-ж.). Алдын алуучу чараларды
бүгүндөн баштап жүргүзбөсө, болжол менен 20 жылдан кийин тамекинин зы-
яндуу таасиринен 10 миллион адам өлүшү мүмкүн. Дүйнөлүк саламаттык сак-
тоо уюмунун (ДССУ) эксперттеринин божомолдоруна Караганда тамеки тартуу
дүйнөдө өлүмгө учуроонун башкы себеби болуп калат, мында тамекиден
өлүмгө учуроонун 70 проценти өнүгүп жаткан өлкөлөргө туура келет. Таме-
ки 25тен ашык оорунун пайда болуу коркунучуна негизги себептердин бири.
Тамекинин коркунучтуулугу аны колдонуунун таасири 20-30 жылдан кийин
билингенинде, ал эми бүгүнкү күндө тамеки тартып жүргөн жаштардын жана
балдардын 50 проценти иш жүзүндө 70 жашка жетпейт.
Өпкөнүн рагы жана эмфиземасы - тамеки тартуунун баарынан коркунуч-
туу кесепеттери. Тамеки буюмдарды колдонуу атеросклероздун пайда болу-
шун эки эсе тездетип, ал инсультка, стенокардияга, миокарддын инфаркты-
на жана башка көптөгөн илдеттерге чалдыктырат. Ашказанында жарасы бар
оорулуулардын арасында тамеки тарткандар 98%ти тузөт. Тамеки буюмдарды
колдонуу 35-69 жаштагы эркектердин өлүмгө учуроосунун ЗО%ин шарттайт,
башкача айтканда, коомдун абдан күчкө толуп турган бөлүгүн көп жок кы-
лат. ДССУ тамеки тартууну көз карандылык катары квалификациялайт (Таме-
киге көз карандылык синдрому: Оорулардын Эл аралык Классификациясындагы
F 17.2 классификация). Психикага активдүү таасир өтүүчү наркотиктерге
көз карандылык даражасын аныктоодо никотин героинге, кокаинге, алкогол-
го, кофеинге жана марихуанага Караганда жогору орунга коюлат.
Тамеки тартуу чылымчыга эле эмес, анын жанындагы адамдарга да зы-
ян: чылымчы тамекинин түтүнүнүн 20%ин гана жутат, калган тутун айлана-
дагыларга таралат. Эгер бир чылымчыга тамеки тартпаган 3-4 адам туура
келерин эске алсак, бул дээрлик бүткүл калктын ден соолугуна коркунуч
келип жатат дегенди билдирет. Ата-энелердин активдүү же пассивдүү чылым
чегиши болочоктогу баланын ден соолугуна жана өмүрүнө олуттуу коркунуч
жаратат. Тамекинин уулары менен өнөкөт уулануу андай учурлардын
көпчүлүк процентинде түйүлдүктүн тигил же бул органдарында анатомиялык
кемтиктердин пайда болушуна алып келет (мында алардын функциясы да на-
чарлайт) да, келечекте баланын өмүрүнө терс таасир тийгизет. Эгер боюн-
да бар аял же анын жанындагылар (күйөөсү, атасы, бир тууганы) тамеки
тартса, курсактагы бала да сөзсүз түтүндү "жутат".
Биздин республика үчүн түтүнсүз тамекини - насвай (мындан ары -
насвай) тартуу көйгөйлүү проблемалардын бири. Насвай тартуу сигарет
тартуу сыяктуу эле көптөгөн инфекциялык эмес өнөкөт оорулардын, баары-
дан мурда эриндин, ооздун ичинин былжыры ракка чалдыгышына себеп болот.
Республикада насвай өстүрүү жана жасоо кењири таралган. Ал уруксатсыз,
кол менен үйдө жасалат жана базарларда, көчөлөрдө, кийинки жылдарда ал
тургай Бишкек шаарындагы кичине киосктордо жана павильондордо уруксат-
сыз эле сатылат.
Кийинки жылдарда өлүмгө учуроонун себептеринин структурасы биздин
республика инфекциялык эмес оорулардан өлүмгө учуроого (82-85% учур)
дуушарланып жатканын көрсөтөт, мында тамеки буюмдарды колдонуу анын
көбөйүшүнүн негизги себептеринин бири. Тамеки (насвай) тарта баштаган
курак менен алар шарттаган ооруларга чалдыккан жана өлүмгө учураган ку-
рактын аралыгында бир топ узак убакыт өтөөрүн эске алганда, келечектеги
оорулардын жана өлүмдөрдүн оорчулугу азыркы учурдагы тамеки буюмдардын
таралышына жараша болот.
DALY (disability adjusted life years - өткөн өмүрдөгү ишке жарак-
сыз болгон жылдар) оорулардын жана өлүмгө учуроолордун көрсөткүчтөрүн
эске алуу менен эсептелген маалыматтарына караганда, тамеки колдонуу
дүйнөдө бардык өлүмгө учуроонун 6%ин жаратат, бул ооруга чалдыгуунун
жана өлүмгө учуроонун көрсөткүчтөрүн эске алып эсептеп чыгарылган. Анын
үстүнө, тамеки буюмдарды колдонуудан болгон өлүмдүн саны көбөйүп жатат
жана мындай тенденция сакталса, 2020-жылы дүйнөдө өлүмгө учуроолордун
12%ине себеп болот.
Улуттук изилдөөнүн (2002-ж.) маалыматтары боюнча республикада 18
жаштагы жана андан жогорку калктын 23%и тамеки буюмдарды (анын ичинде
насвай) колдонушкан болсо, 2005-жылы ушул курактык топтогу калктын 28%и
тамеки буюмдарды колдонот. Улуттук дењгээлде алганда 2002-жылы 18 жаш-
тан жогорку калкынын 47%и тамеки буюмдарды колдонсо, 2005-жылы бул про-
цент 58%ке жеткен. 18 жаштан жогорку эркектердин 8%и насвай тартат,
мында алардын 75%и айылдык региондордогу эркектер, ал эми алардын ба-
сымдуу көпчүлүгү, б.а. 70%и Баткен облусунда жашагандар. Тамеки тартуу-
нун жашаган жерине жараша салыштырма анализи (2005-ж.) тамеки тартуунун
шаардык адамдарга (25%) Караганда айылдык региондордогу адамдар арасын-
да көп таралганын (31%) көрсөткөн. Мында шаардыктарга (51%) Караганда
айылдык эркектерде бул процент 63%. Бул региондордо, айрыкча айылдарда
адамдар тамеки буюмдардын зыяны жөнүндө маалымдуулугу начар экенин бил-
дирет. Тамеки тарткан аялдар арасында көрүнүш башкача, алардын 74%и ша-
ардыктар, мында тамеки тарткан аялдардын көпчүлүк проценти 25-34 жашта-
гы куракка туура келет.
Бүгүнкү күндө республикада айрыкча жаштар жана аялдар арасында та-
меки эпидемиясы таралып жатканы байкалат: сурамжылоонун маалыматтарына
караганда, студенттердин 35%ке жакыны тамеки тартат. Сурамжылангандарды
көмүртектин монооксидинин (СО) дем менен чыгышынын дењгээлине текшер-
генден кийин - студенттердин 44,8%и тартаары, ал эми жогорку курстарда
бул процент сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 60%, СО дењгээлине тек-
шерүүнүн жыйынтыгы боюнча - 71% экени аныкталган (эркектер арасында
85,7%, аялдар арасында - 58%); Тамеки тартууну Глобалдык сурамжылоонун
маалыматтарына караганда Кыргызстанда 13-15 жаштагы мектеп окуучулары-
нын 20%и тамеки буюмдардын тигил же бул түрүн тартып көрүшкөн, ал эми
алардын жарымына жакыны тамеки буюмдарды такай тартып калышкан.
Чек араны, маданиятты, коомдорду жана социалдык катмарларды тоот-
погон бул дүйнөлүк проблеманы чечүү эл аралык дењгээлде максаттуу ишке
ашырылып жатат. Бул интеграциянын негизги багыттары ДССУга мүчө 190дон
ашык өлкө тарабынан иштелип чыгып жана 2003-жылдын 21-майында Дүйнөлүк
саламаттык сактоо ассамблеясында кабыл алынган жана 150дон ашык өлкөдө
ратификацияланган, ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча алкактык конвен-
циясында (ТКАК) түптөлгөн. Ал Конвенция ТКАКтын алкагында ушул глобал-
дык союзга кошулуучу бардык өлкөлөрдө бул проблеманы чечүүгө багыттал-
ган эл аралык юридикалык документ болуп эсептелет. Европа регионунда
аны ишке ашыруучу иштиктүү механизм болуп тамекиге каршы күрөш боюнча
Европанын стратегиясы эсептелет, анда тамекинин колдонулушун контролдоо
боюнча тийиштүү мамлекеттик стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
каралган. Кыргыз Республикасы ТКАКты 2006-жылдын 2-мартында ратификаци-
ялаган, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зы-
яндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл
алынып, ал 2006-жылдын аягында күчүнө кирген.
Тамеки кирешелүү товар экенине, аны өндүрүү жана күрөктөө өлкөнүн
социалдык жана экономикалык ресурстарына тийиштүү таасирин тийгизерине
карабастан саламаттык сактоо жагы тамеки проблемасын экономикалык тал-
доодо чечүүчү мааниде болууга тийиш. Иши ийгиликтүү өлкөлөрдө өлкөнүн
экономикасы ден соолук призмасы аркылуу каралат. Эгер тамекиге каршы
күрөшүү саясаты жана стратегиясы бүгүнкү күндө жүргүзүлбөсө, анда 20-30
жылдан кийин урпактарыбыздын 50%и оорукчан болот, себеби азыр эле
өлкөдө тамеки эпидемиясы байкалууда. Элдин ден соолугун сактоо жана
чыњдоо максатында жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен
сактоо боюнча мамлекеттик программаны жана иш-аракеттер планын кабыл
алуу абдан зарыл, негиздүү жана приоритеттүү иш.
2. Мамлекеттик программанын максаты
Жакын арадагы максат: "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден со-
олугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын жана ДСУУнун тамекиге каршы күpөш боюнча алкактык кон-
венциясынын (ТКАК) ишке ашырылышын уюштуруу жана камсыздоо төмөнкүдөй
максаттарды көздөйт:
- чылым чөгүүдөн бош зоналарды түзүү жолу менен тамеки түтүнүнө
аргасыз дуушарланууну болтурбоо;
- элде тамеки колдонуунун зыяны жана чылым чекпөөнүн артыкчылыкта-
ры жөнүндө маалымдуулукту арттыруу, коомдо тамеки тартууга карата терс
мамилени пайда кылуу, тамекиге каршы күрөштө коомду социалдык мобилиза-
циялоо;
- адамдарда тамеки тартпастан сергек жашоо образына өбөлгөнү жого-
рулатуу;
- өлкөнүн тамекиге каршы күрөш боюнча улуттук потенциалын түзүү.
Орто мөөнөттөгү максат: Кыргыз Республикасынын калкынын арасында тамеки
тартуунун санын азайтуу, пассивдүү тамеки тартуунун алдын алуу.
Узак мөөнөттөгү (стратегиялык, алыскы) максат: тамеки буюмдарды
колдонууга байланыштуу ооруга, майыптыкка чалдыгуулардын жана өлүмгө
учуроонун санын азайтуу.
3. Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен
сактоо боюнча мамлекеттик программамын
ишинин стратегиялык багыттары
3.1. Тамекиге жана тамеки буюмдарга сурооталапты азайтуу
боюнча баалык жана салыктык чаралар
3.1.1. Тамеки буюмдарга кыйыр салыктарды көбөйтүү жана суроо-
талапка ээ бардык тамеки буюмдарды сатууну легалдаштыруу
жолу менен тамеки буюмдарына суроо-талапты азайтуу
Тамеки тартууну азайтуунун экономикалык натыйжалуу ыкмаларынын би-
ри жана тамекиге каршы күрөштө комплекстүү саясаттын майнаптуу элементи
тамеки продуктуларга салыктарды көбөйтүү болуп эсептелет. Kөп өлкөлөрдө
тамеки буюмдарга суроо-талапта баалар ийкемдүү эмес. Баалардын ий-
кемдүүлүгү - 0,4төн (өнүккөн өлкөлөрдө) - 0,8ге чейин (өнүгүп жаткан
өлкөлөрдө). Бул сигареттердин баасын 10%ге кымбаттатуу аларды тартууну
өнүккөн өлкөлөрдө 4%ке жана өнүгүп жаткан өлкөлөрдө 8%ке азайтарын
көргөзөт. Тамеки буюмдардын салыгы көбөйтүлгөн өлкөлөрдө бир учурда эки
максат орундалган: эл арасында тамеки тартуу азайган жана салыктан мам-
лекеттик бюджеттин кирешеси көбөйгөн. Мындай саясат Украинада өзүн то-
лук актаган: 1996-жылдан 1999-жылга чейин тамекиге акциздик салыктан
мамлекеттин кирешеси доллар менен алганда 4 эсе көбөйгөн. Тамеки буюм-
дарга салыктардын көбөйүшү алардын бааларына таасирин берет: баа кым-
баттаганда тамеки чеккен адамдардын үчтөн биринен ашыгы аны чеккей ка-
лат, ал эми калгандары тамеки буюмдардын санын азайтат.
Насвай Кыргыз Республикасынын аймагында жасоого расмий уруксат бе-
рилбеген продукт, анткени аны өндүрүү боюнча нормативдик укуктук акты-
лар жок, ага салык салынбайт, бирок айрым уй чарбалар колдо жасашат жа-
на республиканын көптөгөн соода жайларында сатылат. Мыйзам менен тыюу
салуу жашырын рыноктун активдүүлүгүн гана жогорулатышы мүмкүн. Ошондук-
тан насвайды жасоону, сатууну легалдаштыруу жана акциздик салык салуу
маселесин изилдөө зарылдыгы жаралат, анткени ал сигареттер сыяктуу эле
адамдын ден соолугуна зыяндуу жана салык салынууга тийиш. Насвай жасоо-
ну жана сатууну легалдаштыруу бир жагынан мамлекеттик бюджетке салыктан
киреше түшүүнү көбөйтөт жана тамекинин жана башка кошундулардын курамын
контролдоого мүмкүндүк берет, бул аны колдонууга мониторингдин жана баа
берүүнүн сапатын жогорулатат.
Республиканын тамеки тармагы төлөгөн салыктардын структурасына жа-
салган анализ жана жалпы эле тармак боюнча да, ошондой эле "Реемтсма-
Кыргызстан" ААК боюнча да тийиштүү тенденциялар төмөнкүдөй жыйынтыкка
алып келди:
- эгер 1995-1999-жылдарда пайдага салыктан которуунун үлүшү тамеки
тармагы боюнча салыктык которуулардын жалпы структурасында 2,2% дењгэ-
элде болсо, 2000-2005-жылдардагы мезгилде "РеемтсмаКыргызстан" ААКнын
Кыргызстанда тамекиге монополия ишмердигинин учурунда бул салыктын
түшүү үлүшү жалпы тармак боюнча 0,0%ти түзгөн;
- 1995-1999-жылдарда тамеки өнөр жайы төлөгөн акциздик салык боюн-
ча которуулардын үлүшү салыктардын жалпы суммасына карата кеп болуп,
84,6%ти түзгөн. Бирок 2000-2005-жылдарда акциздик салыктын үлүшү орто
эсеп менен 64,3% дењгээлге төмөндөгөн, ал эми 2005-жылы акциздик салык-
тын үлүшү 41,4% болгон.
- тамеки өнөр жайы (тамеки өстүрүү жана өндүрүү) өздөрү которгон
кыйыр салыктарынын суммасында бюджетке түшүүчү кыйыр салыктардын 2%ин
беришет;
- мамлекеттик бюджеттин тамекиден алуучу кирешелерин эки ыкманы:
баалардын ийкемдүүлүгүн жана эконометриялык (коинтеграциялык) башкаруу-
ну пайдаланып математикалык моделдөө жолу менен алынган жыйынтыктар,
эгер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акциздик салыктын ставкасын 50% жо-
горулатса бул мамлекеттик бюджетке түшүүчү кирешени болжол менен ошончо
көбөйтөт жана тамеки буюмдардын баасы 5% гана кымбаттайт деп жыйынтык
чыгарууга мүмкүндүк берет. Мамлекеттик бюджеттин кирешеси акциздик са-
лыктын ставкасынын жогорулашына жараша көбөйөт, мында тамеки буюмдардын
баасы минимум өзгөрөт.
Тамеки колдонууну экономикалык изилдөөнүн натыйжалары тамеки ке-
ректөөнү контролдоонун салыктык жана баалык саясатын пайдаланганда та-
меки буюмдарды колдонуу дењгээли азаяры күтүлгөнүнө карабастан, мамле-
кеттик бюджетке киреше түшүү азайбастан, тескерисинче, баалардын ий-
кемдүүлүгү -1.0дөн ашкан күндө да республиканын бюджетине салыктан ки-
реше түшүү көбөйөөрү жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берди, антке-
ни салыктын ставкасын жогорулатуу андан улам баанын кымбатташынан алда
канча жогору болот.
Негизги багыттар
- тамеки буюмдарга акциздик салыктын ставкасын кирешелердин өсүшү
инфляциянын орточо өсүшүнөн жана тамеки буюмдарга баалардын өсүшүнөн
алдыда болгудай кылып, алардын экономикалык жеткиликтүүлүгү такай аза-
йып тургудай кылып пландуу көбөйтүүгө жетишүү;
- республикада тамеки буюмдардын бардык түрлөрүн сатууну легалдаш-
тыруу, тамеки продукцияларды салыксыз жана пошлинасыз сатуунун бардык
түрлөрүнө тыюу салуу.
3.2. Тамекиге жана тамеки буюмдарга суроо-талапты азайтуу боюнча
баалык эмес чаралар
3.2.1. Тамекинин түтүнүнүн кыйыр таасиринен коргоо боюнча
чараларды иштеп чыгуу
Тамеки түтүнүн аргасыз жутуунун (пассивдүү чылым чөгүү) ден соо-
лукка коркунучтуулугу жана кесепеттери жөнүндө чогултулган факт
жүзүндөгү маалыматтар тамеки тартпагандардын, айрыкча балдардын ден со-
олугун сактоонун катуу нормативдик жана укуктук нормаларын кабыл алуу
зарылдыгын баса белгилейт.
Негизги багыттар
- тамекисиз коомдук жайларды, анын ичинде тамекисиз коомдук транс-
портту түзүү боюнча чараларды киргизүү;
- айрыкча билим берүүчү, маданий, спорттук мекемелерде, бардык ме-
дициналык уюмдарда жана алардын аймактарында тамеки түтүнүнөн бош жай-
ларды түзүү;
- ресторандарда, барларда жана башка коомдук тамактануу жайларында
алардын ээлерин, персоналды жана кардарларды ден соолуктарына зыяндан
коргоо үчүн тамеки түтүнүсүз зона түзүү (тамеки тартуучулар жана тарт-
пагандар үчүн өзүнчө жайларды болуу);
- элге кызмат көрсөтүлчү бардык иш жайларда тамеки тартууга тыюу
салуу.
3.2.2. Тамекинин жарнамасын, тамеки буюмдарды сатууну жана тамеки
өнөр жайына демөөрчүлүк кылууну жөнгө салуу
Тамекинин жарнамасынын тамеки буюмдарга жалпы керектөөгө тийгизген
таасирин ар кайсы өлкөлөрдө изилдөөнүн жыйынтыктары тамекинин жарнама-
сына тыюу салгандан кийин сигареттерди пайдалануу элдин санына карата
орточо 25%ке чейин азайганын көрсөтөт. Жалпыга маалымдоонун бардык ка-
ражаттарында тамекини түз жана кыйыр жарнамалоонун бардык формаларына
толук тыюу салуу тамеки чегүүнүн социалдык кызыктуулугун азайтат жана
айрыкча жаштар арасында тамеки буюмдарды колдонуу азайышына шарт түзөт.
Жарнаманы мыйзамдык жөнгө салуу айлана-чөйрөнү тамеки түтүнүнөн тазало-
ого эле эмес, "тамеки тартпоо" социалдык норма болуп калышына да өбөлгө
болот.
Негизги багыттар
- тамеки пайдаланууну, тамекини жана тамеки продуктуларды түз жана
кыйыр жарнамалоонун бардык түрлөрүнө тыюу салуу боюнча чараларды иштеп
чыгуу жана турмушка ашыруу;
- тамеки буюмдарды сатуу жана сатууга өбөлгө түзүү максатында та-
меки компанияларынын маданий-спорттук жана ден соолукту чындоочу иш-ча-
раларга демөөрчүлүк кылышына, конкурстарды, акцияларды жана башка жалпы
маданий иш-чараларды өткөрүшүнө, ошондой эле тамекинин соодалык марка-
ларын тамеки эмес буюмдарда пайдаланууга тыюу салууну ишке ашыруу боюн-
ча тийиштүү эрежелерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
3.2.3. Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен
сактоо боюнча республиканын потенциалын түзүү жана
кадрларды даярдоо
Жарандардын саламаттыгын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо боюн-
ча стратегияны ийгиликтүү иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу кадрларды
үзгүлтүксүз жана ургаалдуу даярдоо жана өлкөнүн тамекиге каршы күрөш
боюнча өнүккөн потенциалын түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик
программанын жардамы менен гана камсыздалышы мүмкүн.
Негизги багыттар
- "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зы-
яндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана
ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча Алкактык конвенциясында каралган
чараларды натыйжалуу чечүү жана ишке ашыруу үчүн секторлор аралык
өнөктөштүктү (координациялык кенеш) түзүү жана ишин камсыздоо;
- чечим кабыл алуучу саясатчылар, саламаттык сактоо кызматкерлери,
студенттер, мугалимдер, тарбиячылар жана коомдун башка тийиштүү катмар-
лары үчүн тамекиге каршы күрөш боюнча натыйжалуу базалык окуу програм-
маларын иштеп чыгуу жана киргизүү;
- медициналык жана социалдык кызматкерлердин, педагогдордун моти-
вациясын арттыруу, аларды "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соо-
лугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасы-
нын Мыйзамын жана ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча Алкактык конвен-
циясын ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүүгө тартуу;
- коомдук уюмдардын (КУ) жана жарандык коомдун тамекиге каршы
күрөштүн стратегиясын иштеп чыгууга жана киргизүүгө катышуусуна өбөлгө
түзүү;
- КУ жана адис медициналык ассоциациялар жасап жаткан аракеттерди
координациялоону камсыздоо.
3.2.4. Тамеки тapтууну болтурбоо багытында калкты агартуу жана
маалымдоо программаларын иштеп чыгуу жана киргизүү
Ар бир жаран тамеки колдонуунун ден соолукка зыяны жөнүндө маалы-
маттуу болууга укуктуу.
Эгер сергек жашоо образын үйрөтүү активдүү үгүттөлсө профилактика-
лык иш-чаралар натыйжалуу болот. 0з ара байланышта иштөөнүн бардык ык-
маларын жана дењгээлдерин пайдалануу менен элге билим жана маалымат
берүү тамеки өндүрүүчүлөрдүн элди дезинформациялоо, тамекини жана таме-
ки буюмдарды жарнамалоо сыяктуу тактикалык амалдарына каршы турууда
башкы нерсе болот.
Негизги багыттар
- калкка маалымдоо жана билим берүү маселелери менен иштеген адам-
дарга, анын ичинде саламаттык сактоо кызматкерлерин, студенттерди, оку-
туучуларды, тарбиячыларды кесиптик медициналык ассоциациялардын, элдин
ден соолугун сактоого жана чыњдоого байланыштуу социалдык проблемаларды
чечүү боюнча иштеген коомдук уюмдардын кызматкерлери үчүн арналган та-
мекиге каршы күрөш боюнча натыйжалуу базалык окуу программаларын иштеп
чыгуу жана киргизүү;
- бардык жалпыга маалымдоо каналдары аркылуу контржарнама менен
кошо агартуу өнөктүктөрүн, кадрларды даярдоону жана элге маалымат
берүүнү өнүктүрүү жана чыњдоо;
- калкты, айрыкча балдарды, жаштарды жана аялуу топторду тамеки
колдонуунун медициналык жана социалдык кесепеттери, ошондой эле тамеки
тартууну таштоонун жана чылымсыз жашоонун артыкчылыктары жөнүндө маалы-
мат менен камсыздоо;
- жарандык коомдун коомдук уюмдарынын тамеки буюмдарды колдонуунун
зыяны жана тамеки тартпоонун артыкчылыктары жөнүндө элди маалымдоого
катышуусуна көмөктөшүү.
3.2.5. Тамеки тартууну токтотуу боюнча программаларды түзүү жана
киргизүү
Көптөгөн чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы жана ДССУнун маалыматтары сала-
маттык сактоонун баштапкы звенодогу дарыгерлери менен болгон кыскача
рекомендациялар (2-3 мин.) чылымчыларга тамеки тартууну таштоого натый-
жалуу жардамдашаарын, ал эми никотинди алмаштыруучу препараттарды (НАП)
колдонуу тамеки тартууну таштоо программасынын ишинде ийгиликке өбөлгө
болоорун көрсөтүүдө.
Негизги багыттар
- калктын конкреттүү топторунун гендердик жана курактык
өзгөчөлүктөрүн эске алып иштелип чыккан жана чылым чегүүнү таштоого ба-
гытталган агартуучу жана окутуучу программаларды ишке ашыруу;
- тамекиге көз карандылыкты дарылоонун жана тамекини таштагандар-
дын арасында аны кайра тартып алууну болтурбоонун кыйла натыйжалуу ме-
тоддорун иштеп чыгуу (мисалы, врачтардын, үй-бүлөнүн колдоосу, чылымды
таштагысы келгендер үчүн телефондук консультация берүү кызматы, пациен-
ттерге тамеки тартууну таштоонун зарылдыгы жөнүндө баштапкы саламаттык
сактоо звеносундагы врачтардын жана/же медсестралардын консультация
берүүсү ж.у.с.) жана аларды саламаттык сактоонун башка улуттук програм-
маларына, пландарына жана стратегияларына киргизүү;
- врачтар, медсестраларды кошкондо медициналык кызматкерлер, ошон-
дой эле мугалимдер жана социалдык кызматкерлер үчүн тамекини таштоонун
методдоруна даярдоо программаларын өркүндөтүү;
- айрыкча саламаттык сактоонун баштапкы звеносунун дењгээлинде та-
мекиге көз карандылыкты диагностикалоо, консультация берүү жана дарылоо
программалары боюнча программаларды түзүү.
3.2.6. Тамеки буюмдардын курамын жонго салуу экана керектөөчүлөргө
маалымдоо
Сигареттердин жана башка тамеки буюмдардын түтүнүндөгү канцеро-
гендүү жана уулуу компоненттерге байланыштуу коркунучтарды азайтуу үчүн
зарыл шарт болуп тамеки тарткандардын организмине кирүүчү заттарды та-
гыраак аныктоо жана катуураак жөнгө салуу эсептелет. Тамеки буюмдардын
кутуларында жана тањгактарында жакшы көрүнөт, так формулировкаланган
медициналык эскертүүлөрдү пайдалануу керектөөчүлөргө алар дуушарланып
жаткан коркунуч жөнүндө маалымдоону жакшыртат.
Негизги багыттар
- тамеки буюмдардын бир бирдигинде никотиндин, чайырдын жана
көмүртек кычкылынын жыл сайын азайтылчу жол берилчү эњ чоњ чектик нор-
маларын бекитүү жана киргизүү;
- тамеки буюмдардын негизги кошундулары, анын ичинде алардагы уу-
луу, канцерогендүү заттар жөнүндө маалыматтын элге жеткиликтүүлүгү;
- бардык тамеки компанияларынын Кыргыз Республикасынын Саламаттык
сактоо министрлигине алар республиканын рыногунда сатчу тамеки буюмдар-
дын курамьг жөнүндө отчеттуулугунун эрежелерин иштеп чыгуу, киргизүү
жана сакталышын камсыздоо, ошондой эле коомчулуктун так жана тийиштүү
маалымат алышына көмөктөшүү;
- "чайыры аз", "жењил", "абдан жењил", "жумшак" деген же ушул сы-
яктуу тамеки буюмдарды керектөөчүлөрдү адаштырууну жана тамеки буюмдун
башкаларга салыштырганда зыяны аздыгы жөнүндө пикир жаратууну кездеген
башка терминдерди колдонууга тыюу салуу;
- тамеки буюмдардын республикада сатылчу ар бир тањгагын же куту-
сун "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу
таасиринен коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жа-
салгалоо жана маркалоо боюнча чараларды ишке ашыруу;
- тамеки колдонуунун коркунучтуулугу жөнүндө тамеки буюмдардын ку-
тусунун алдыњкы бетинде кеминде 40%ин жана арткы бетинде 40%ин ээлеген
иллюстрациялуу медициналык эскертүүнү иштеп чыгуу жана киргизүү.
3.3. Тамеки буюмдардын сунушталышын азайтууга арналган чараларды
иштеп чыгуу жана киргизүү
3.3.1. Мыйзамсыз соодалоону жөнгө салуу - тамеки буюмдарды
мыйзамсыз алып келүүнү (контрабанданы) чектөө
Тамеки буюмдарга салыктын көптүгү менен аларды мыйзамсыз алып
келүүнүн (контрабанданын) ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө ар кайсы
өлкөлөрдүн маалыматтарын талкуулоо уланууда. Салыктын ставкаларына ка-
рабастан дүйнөдө тамеки буюмдардын контрабандасына тигил же бул даража-
да дуушарланбаган бир да өлкө жок. Дүйнөлүк банктын (мындан ары - ДБ)
"Эпидемияны токтотуу: Өкмөт жана тамекиге каршы күрөштүн экономикасы"
деп аталган отчетунда салыктардын ставкасын азайтуу контрабандалык иш-
тердин токтотулушуна шарт түзбөйт деп айтылган. ДБ изилдөөсүнүн маалы-
маттарына Караганда, коррупциянын дењгээли төмөн өлкөлөрдө тамекини
контрабандалоо дењгээли төмөн. Баалардагы айырма, жарандардын сатып
алуу жөндөмдүүлүктөрү жана коомдо мыйзамсыз алынып келген тамеки буюм-
дарга карата мамиле өбөлгө түзүүчү факторлор болот, ал эми мамлекеттин
жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен сактоого умтул-
гандыгы жана коррупциянын дењгээли контрабандалык иштин негизги фактор-
лору болушат.
Тамеки буюмдарды контрабандалоо факторлорун аныктоо үчүн Кыргыз
Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматтарын пайдаланып
бинардык баалоонун математикалык моделин жана тамекини колдонуу маселе-
си боюнча экономикалык изилдөөлөрдө жетиштүү популярдуу эњ кичине квад-
раттар методун түзүү менен регрессивдүү эконометриялык анализ
жүргүзүлгөн.
Тамеки буюмдарды контрабандалоонун дењгээлин аныктоодо өзгөрмөлүү
потенциалдуу чоњдуктар катары тамеки өндүрүүчүлөрдүн аларды өткөрүүдөгү
аргументтери болгон факторлор, б.а. импорттун суммасынан мамлекеттик
бюджетке которуулар каралган. Финансылык которууларга импортко КНСтен
которуулар, тамеки продукцияны импорттоодо акциздик салыктан которуу-
лар, бажылык пошлиналардан которуулар кирет. Эконометрикалык анализдин
жыйынтыгы Кыргыз Республикасында тамеки буюмдарды контрабандалоонун жа-
на мыйзамсыз жүгүртүүнүн дењгээли тамеки буюмдарга салыкты көбөйтүү бо-
юнча чараларды каалабаган тамеки өндүрүүчүлөр аргумент катары пайдалан-
ган негизги көрсөткүчтөргө (кыйыр салыктардын ставкаларына) көз каран-
дысыз экенин көрсөттү.
Негизги багыттар
- бардык тамеки буюмдардын рыноктогу өтүшүн алардын каптарындагы
жана маркировкасындагы маалыматтар боюнча натыйжалуу көзөмөлдөөгө
мүмкүндүк берүүчү чараларды киргизүү жана мониторингдөө;
- мыйзамсыз соодалоо, анын ичинде контрабандалык тамеки буюмдар
жөнүндө маалыматтарды мониторингдөө жана чогултуу, ошондой эле тийиштүү
улуттук жана эл аралык уюмдар менен маалымат алмашуу;
- ТКАКты жана тамеки буюмдарды колдонууну жөнгө салуучу мыйзамдар-
ды киргизүү максатында тийиштүү нормативдик укуктук актыларды иштеп чы-
гуу.
3.3.2. Жаштардын тамеки буюмдарга жеткиликтүүлүгүн чектөө
Азыркы учурда Кыргыз Республикасында тамеки буюмдар лицензияланчу
товарлар болуп эсептелбейт, тамеки буюмдардын көпчүлүгү, анын ичинде
насвай дагы көчөлөрдө ар түрдүү адамдар тарабынан кутулап же бир-бирден
сатылып жатат. Көчөдөгү соодагерлердин көпчүлүгү адамдар көп болуучу
жерлерге - мектептердин, ооруканалардын, маданийзоок комплекстердин
жандарынан орун алышып, ал жерлерде өспүрүмдөр жана жаштар сигареттерди
да, насвайды да оњой эле сатып алышат. Кыргыз Республикасыньгн "Жаран-
дардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйза-
мында тамеки буюмдарды:
- он сегиз жашка чыга электерге сатууга;
- он сегиз жашка чыга элек адамдар тарабынан сатууга;
- саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарында,
спорт залдарда жана курулмаларда, стадиондордо жана аларга 100 метрден
жакын жерлерде жана дүкөндөрдө сатууга;
- 20 даана сигареттен аз кутуларда же бир-бирден сатууга;
- акциздик маркасыз сатууга тыюу салынган.
Сигареттерди бир-бирден сатуу алардын баасын айрыкча мектеп окуу-
чуларына, студенттерге жеткиликтүү кылат. Каршы бөгөт коюучу негизги
чара тамеки буюмдарды, анын ичинде насвайды да легалдуу сатууну лицен-
зиялоо болуп эсептелет. Насвай баасы боюнча айрыкча өспүрүмдөр жана
жаштар үчүн жеткиликтүү.
Негизги багыттар
- Кыргыз Республикасынын "Жарандардын ден соолугун тамекинин зыян-
дуу таасиринен коргоо жөнүндө" Мыйзамынын тамеки буюмдарды он сегиз
жашка чыга элек жана он сегиз жаштагы адамга/адамдарга, саламаттык сак-
тоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарында, спорт залдарда жана ку-
рулмаларда, стадиондордо жана алардын жанындагы жерлерде жана 100 метр
радиустагы дүкөндөрдө 20 сигареттен аз кутулар менен же бир-бирден,
ошондой эле акциздик маркасыз сатууга тыюу салуу жөнүндө нормаларын ка-
туу сактоо;
- Мыйзамдын тамеки буюмдарды жашы жете элек адамдарга сатууга тыюу
салуу жөнүндө нормаларын киргизүүнү камсыздоо үчүн тамеки продуктуларды
сатуучуларды маалымдоо жана маалымат менен камсыздоо;
- сигареттерди жарнама үчүн бекер таратууга же тамеки буюмдардын
тигил же бул маркаларын сатууну сүрөмөлөөгө тыюу салуу максатында жого-
руда аталган Мыйзамдын нормаларын ишке ашыруу;
- тамеки буюмдарды, анын ичинде насвайды сатууну лицензиялоону
киргизүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу.
3.3.3. Тамекиге субсидиялар жана альтернативдүү айыл чарба
өсүмдүктөрүнө колдоо
Эгер альтернативдүү өсүмдүктү өстүрүүнүн рентабелдүүлүгү тамеки
жалбырагын өстүрүүнүн рентабелдүүлүгүнө барабар же ашык болсо, тамеки
жалбырагын өстүрүүчүлөрдү альтернативдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн
өстүрүүгө багыттоо ылайыктуу. Альтернативдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө
өтүү дүйнөнүн тамеки жалбырагынын ири өндүрүүчүлөрү болгон көп
өлкөлөрүндө, мисалы, Бразилияда активдүү каралып жатат.
Негизги багыттар
- тамекини алмаштыруучу альтернативдүү өсүмдүктөрдү өстүрүүгө
өтүүдө башка өлкөлөрдүн пайдалуу тажрыйбасын изилдөө, ыњгайлаштыруу жа-
на киргизүү;
- экономикалык иштин тамеки жалбырагын алмаштыруучу мүмкүн болгон
альтернативдүү механизмдерин жана аны барабара киргизүүнүн этаптарын
иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берүү.
3.4. Мониторинг, илимий изилдөө, баалоо жана отчет
Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо боюн-
ча мамлекеттик программаны киргизүүнүн натыйжалуулугу тамекини колдонуу
жагындагы абалды баштапкы изилдөө жана андан кийинки мониторинг менен
камсыздалат. Мониторинг жана баалоо тигил же бул конкреттүү ке-
ректөөлөрдү аныктоого жана Мамлекеттик программанын негизги стратегия-
сын жана тактикасын тийиштүү түрдө корректировкалоого мүмкүндүк берет.
Негизги багыттар
- тамеки колдонуунун дењгээлин аныктоо үчүн эпидемиологиялык жана
экономикалык изилдөөлөрдүн стандартташтырылган методдорун пайдаланууга
негизделген мониторинг системасын түзүү;
- изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын коомдук лидерлердин, жалпыга маалым-
доо каражаттарынын жана саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасында та-
ратуу;
- тажрыйба алмашуу, тамеки колдонууну контролдоо боюнча өнөктүктү
түзүү жана программаны ишке ашыруу боюнча активдүүлүктү өнүктүрүү үчүн
конференцияларды, эл аралык семинарларды уюштуруу;
- ДССУнун Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференцияга Кыргыз
Республикасында тамеки колдонууга карты күрөш боюнча такай отчетун кам-
сыздоо.
3.5. Эл аралык кызматташуу, пайдалуу тажрыйбаны жана эл аралык
программалардын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын
практикалык саламаттык сактоого киргизүү
Тамеки буюмдарды колдонуу глобалдык проблема. Проблеманы глобалдык
- секторлор аралык жана дүйнөлүк дењгээлдерде чечүү зарыл. Эл аралык
кызматташуу төмөнкүлөрдү жакшыртат:
- тамеки буюмдардын курамына кирген компоненттерди тийиштүү жөнгө
салууну камсыздоого арналган куч-аракеттерди координациялоо;
- тамеки буюмдарга салык салууга тиешелүү стратегияларды координа-
циялоо;
- тамеки буюмдарды контрабандалоого каршы натыйжалуу чараларды
көрүү жана телекоммуникациялардын глобалдык системалары аркылуу ишке
ашырылып жаткан тамеки буюмдардын трансчегаралык жарнамасын жөнгө салуу
жана тиешелүү каршы чараларды көрүү;
- тамеки эпидемиясынын масштабдарын жана Борбордук Азия
өлкөлөрүндө, КМШга катышкан мамлекеттерде, Европа мамлекеттеринде,
ошондой ДССУнун Тамекиге каршы күрөш боюнча Алкактык Конвенциясына ка-
тышкан мамлекеттерде жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу тааси-
ринен сактоо боюнча стратегияны ишке ашыруунун жүрүшүн мониторингдөө.
Негизги багыттар
- РКБТ киргизүүнүн алкагында катышуучу-өлкөлөр менен кызматташуу;
- маалымат алмашууга, техникалык кызматташууга жана мониторингге,
ДССУнун Алкактык Конвенциясынын принциптерин киргизүүгө эл аралык коор-
динацияны күчөтүүгө шарт түзүүчү эл аралык координацияны изилдөө,
өнүктүрүү жана күчөтүү.
4. Мамлекеттик программанын милдеттери
1. Тамеки буюмдарды керектөөнү азайтууга багытталган чараларды иш-
теп чыгуу жана киргизүү.
2. Тамеки буюдардын сунуш кылууну азайтууга арналган чараларды иш-
теп чыгуу жана киргизүү
3. Тамекини колдонуунун контролдонушун мониторингдее, баа берүү
жана отчет берүү.
4. Илимий изилдөөлөрдүн, эл аралык программалардын пайдалуу таж-
рыйбасын жана натыйжаларын ыњгайлаштыруу жана практикалык саламаттык
сактоого киргизүү.
5. Мамлекеттик программаны башкарууну уюштуруу
жана ишке ашыруунун жүрүшүн контролдоо
Кыргыз Республикасында тамекинин колдонулушун контролдоо боюнча
2008-2015-жылдарга карата мамлекеттик программанын ишке ашырылышын Кыр-
гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республи-
касынын өкмөтүнө караштуу Тамекиге каршы күрөшүү боюнча секторлор ара-
лык координациялык кењеш башкарат жана контролдойт.
6. Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун натыйжасын
баалоо жана күтүлгөн түпкү натыйжалар
Бул аракеттер планынын натыйжалуулугу мониторингдин төмөнкүдөй
көрсөткүчтөрү менен бааланат.
- тамеки буюмдардын керектелишин контролдоо жана элдин ден соолу-
гун алардын зыяндуу таасиринен сактоо боюнча өлкөнүн улуттук потенциалы
түзүлгөн жана өнүктүрүлгөн;
- тамеки буюмдарды колдонуунун таралышын мониторингдөө системасы
иштелип чыккан;
- тамекини таштагысы келгендер үчүн медициналык жана психологиялык
жардам уюштурулган;
- тамеки буюмдардын өндүрүлүшүнө жана сатылышына контроль орноту-
лат;
- тамеки буюмдарды активдүү керектөө азайтылган жана пассивдүү та-
меки тартуунун алды алынган, бул тамеки колдонууга байланышкан оорулар-
га чалдыгуунун жана өлүмгө учуроонун кийин болуучу көрсөткүчтөрүндө ча-
гылдырылууга тийиш.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.06.2018 · № 291
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөЗакон · 21.08.2006 · № 175 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги №122 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө"Кыргыз…Постановление · 04.04.2008 · № 122 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.