# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 130
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.11.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58975>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12664/edition/328146/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58975.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №130 "Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.11.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58975

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 8-апрели № 130

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым

чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча келген айыл чар-

ба техникалары түрүндөгү товардык кредит боюнча карызды жоюу графигин

бузганда заемчуларга таасир этүү чараларын тактоо максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2006- жылдын 4-августундагы N

563 "30 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты

боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана

берүүнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

көрсөтүлгөн токтомго № 2 тиркеменин "г)" пунктчасынын экинчи-ал-

тынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- товардык кредитти жоюу графигин (4 кварталдын ичинде) бузганда

төмөнкүдөй таасир этүү чараларын карайт:

I квартал - эскертүү,

II квартал - мөөнөтү өткөн сумманын жылдык 10 процентинде айып

эсептөө,

III квартал - мөөнөтү өткөн сумманын жылдык 50 процентинде айып

эсептөө,

IV квартал - 4 кварталдын ичинде карызды төкпөгөн учурда төлөнгөн

сумманы кайтарып бербестен айыл чарба техникасын алып коюу;".

2. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-ноябрындагы №

768 "70 млн. юань суммасында Кытай Эл Республикасынын грантынын багыты

боюнча келүүчү айыл чарба техникаларын жайгаштыруунун тартиби жана

берүүнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

көрсөтүлгөн токтомго № 2 тиркеменин "г)" пунктчасынын экинчи-ал-

тынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- товардык кредитти жоюу графигин (4 кварталдын ичинде) бузганда

төмөнкүдөй таасир этүү чараларын карайт:

I квартал - эскертүү,

II квартал - мөөнөтү өткөн сумманын жылдык 10 процентинде айып

эсептөө,

III квартал - мөөнөтү өткөн сумманын жылдык 50 процентинде айып

эсептөө,

IV квартал - 4 кварталдын ичинде карызды төкпөгөн учурда төлөнгөн

сумманы кайтарып бербестен айыл чарба техникасын алып коюу;".

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-

нуу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
