Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн « Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 8-апрели N 132
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын
10-январындагы N 3 " Кыргыз Республикасынын Ош облусунун
жана Ош шаарынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн
кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-январындагы № 3
"Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында болгон
жер титирөөлөрдүн кесепеттерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пунктта:
алтынчы абзацтагы "2008-жыл" деген сандар жана сөз "2008-2009-жыл-
дар" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;
жетинчи абзацтагы "тиркемеге" деген сөз "N 1 жана N 2 тиркемелер-
ге" деген сандарга жана сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- "мектептерди жана саламаттык сактоо объекттерин долбоорлоо жана
куруу боюнча иштерди бирдиктүү координациялоочу орган болуп Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамле-
кеттик агенттик аныкталсын";
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы редакцияда берилсин:
"7. "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасы:
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары
министрлиги, Ош облусунун мамлекеттик администрациясы жана Ош шаарынын
мэриясынын катышуусунда "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун
жана "Кант түтүкшифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун баасы
менен жер титирөөнүн натыйжасында жабыркаган Ош облусунун жана Ош шаа-
рынын калкына цемент жана шифер сатууну уюштурсун";
- "Кант цемент заводу" ачык акционердик коомунун жана "Кант тү-
түк-шифер өндүрүшү" жоопкерчилиги чектелген коомунун баасы менен цемент
жана шиферди жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө төмөнкү нормалар
боюнча сатсын:
турак үйлөрү 3-категорияда бузулган үй-бүлөлөргө - 2 тоннадан це-
мент жана 30 такта шифер;
турак үйлөрү 4-категорияда бузулган үй-бүлөлөргө - 3 тоннадан це-
мент жана 50 такта шифер;
- курулуш материалдарды ташуудагы, сактоодогу жана сатуудагы ко-
ромжулуктарды эсепке алууну СССР Соода министрлигинин 1991-жылдын
27-ноябрындагы N 95 приказы менен бекитилген Курулуш материалдарды ав-
тотранспорт менен ташуудагы, сактоодогу жана сатуудагы коромжулуктардын
(сынуунун) нормаларына ылайык жүргүзсүн.";
- көрсөтүлгөн токтомго тиркеме ушул токтомго N 1 тиркемеге ылайык
берилсин:
- ушул токтомго N 2 тиркемеге ылайык N 2 тиркеме менен толуктал-
сын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кийин өзгөртүүлөрдү жана то-
луктоолорду киргизүү менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсе-
бинен жер титирөөдөн жапа чеккен Ош облусунун жана Ош шаарынын калкына
сатууну уюштуруу үчүн курулуш материалдарын сатып алууга "Кыргызресурс-
тары" мамлекеттик ишканасына 25 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда бер-
син;
- көрсөтүлгөн курулуш материалдарын дайындалган жерине жеткирүү
жана сатууну уюштуруу үчүн "Кыргызресурстары" мамлекеттик ишканасына
каражат карасын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 8-апрелиндеги
N 132 токтомуна
N 1 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-январындагы
N 3 токтомуна
N 1 тиркеме
Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөнүн
натыйжасында жабыркаган, 2008-жылы пайдаланууга берүү
менен республикалык бюджеттин эсебинен 2008-жылы
долбоорлонуучу жана курулуучу объекттердин
ТИЗМЕСИ
| N | Объекттердин аталы- | Бирдик | Кубат- | Бол- | Объекттердин | Заказ- | |
| шы, жайгашкан жери | өлчөмү | туулу- | жолд- | курулушу | чы | ||
| гу | дуу | ------------------- | |||||
| наркы | Башта- | Бүткөрүлүшү | |||||
| (мињ | лышы | ||||||
| сом) | |||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| Республика боюнча | 186299 | ||||||
| бардыгы, анын | |||||||
| ичинде: | |||||||
| Ош облусу | |||||||
| Карасуу району | |||||||
| 1 | Тогузбулак | Окуучу | 100 | 8665 | 2008- | 2008-жылдын | Ош |
| айылындагы мектеп | орун. | жылдын | 1-сентяб- | обл. | |||
| саны | марты | рына чейин | мамад | ||||
| мин. | |||||||
| 2 | Бекжар айылындагы | Окуучу | 300 | 22032 | 2008- | 2008-жылдын | Ош |
| мектеп | орун. | жылдын | 1-сентяб- | обл. | |||
| саны | марты | рына чейин | мамад | ||||
| мин. | |||||||
| 3 | Лангар айылындагы | Окуучу | 300 | 34744 | 2008- | 2008-жылдын | Ош |
| мектеп | орун. | жылдын | 1-сентяб- | обл. | |||
| саны | марты | рына чейин | мамад | ||||
| мин. | |||||||
| 4 | Фуркат айылындагы | Окуучу | 540 | 39438 | 2008- | 2008-жылдын | Ош |
| N 101 мектеп | орун. | жылдын | 1-сентяб- | обл. | |||
| саны | марты | рына чейин | мамад | ||||
| мин. | |||||||
| Бардыгы | 104879 | ||||||
| Ноокат району | |||||||
| 5 | Күнгөй-Кожоке | Окуучу | 422 | 40322 | 2008- | 2008-жылдын | Ош |
| айлындагы | орун. | жылдын | 1-сентяб- | обл. | |||
| Алтын-Казык | саны | марты | рына чейин | мамад | |||
| мектеби | мин. | ||||||
| 6 | Жар-коргон | Окуучу | 540 | 41098 | 2008- | 2008-жылдын | Ош |
| айлындагы | орун. | жылдын | 1-сентяб- | обл. | |||
| Жолдошев | саны | марты | рына чейин | мамад | |||
| атындагы мектеп | мин. | ||||||
| Бардыгы | 81420 |
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри М.Исмаилов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 8-апрелиндеги
№ 132 токтомуна
№ 2 тиркеме
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 10-январындагы
№ 3 токтомуна
№ 2 тиркеме
Ош облусунда жана Ош шаарында жер титирөөнүн натыйжасында
жабыркаган, 2009-жылы пайдаланууга берүү менен республикалык
бюджеттин эсебинен 2008-2009-жылдары долбоорлонуучу
жана курулуучу объекттердин
ТИЗМЕСИ
| № | Объект аталышы | Өлчөө | Кубат- | Бол- | Объекттерди | Заказ- | |
| жайгашкан орду | бирди- | туулу- | жолд- | куруу | чысы | ||
| ги | гу | дуу | ------------------- | ||||
| наркы | Башта- | Бүткөрүлүшү | |||||
| (мињ | лышы | ||||||
| сом | |||||||
| менен) | |||||||
| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
| Республика боюнча | 119776 | ||||||
| бардыгы, анын | |||||||
| ичинде: | |||||||
| Ош облусу | |||||||
| Өзгөн району | |||||||
| 1 | Мырзараак | Окуучу | 540 | 46732 | 2008- | 2008- | Ош |
| айылындагы мектеп | орун. | жылдын | жылдын | обл. | |||
| (өтмө объект) | саны | апрели | 1-сентябры | мамад | |||
| мин. | |||||||
| Карасуу району | |||||||
| 2 | Папан айыл өкмөтү- | Койка- | 102 | 18420 | 2008- | 2008- | Ош |
| нүн Арал айылындагы | лардын | жылдын | жылдын | обл. | |||
| оорукана | саны | апрели | 1-сентябры | мамад | |||
| ин. | |||||||
| Бардыгы | 65152 | ||||||
| Ош шаары | |||||||
| 3 | Орке айылындагы | Окуучу | 200 | 22812 | 2008- | 2008- | Ош |
| N 34 мектеп | орун. | жылдын | жылдын | обл. | |||
| саны | апрели | 1-сентябры | мамад | ||||
| мин. | |||||||
| 4 | Жапалак айылындагы | Окуучу | 200 | 22812 | 2008- | 2008- | Ош |
| N 36 мектеп | орун. | жылдын | жылдын | обл. | |||
| саны | апрели | 1-сентябры | мамад | ||||
| мин. | |||||||
| Бардыгы | 45624 |
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси
Кыргыз Республикасынын - министри М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-январындагы № 3 "2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн…Постановление · 10.01.2008 · № 3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-январындагы № 3 "2008-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында болгон жер титирөөлөрдүн…Постановление · 10.01.2008 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындгы №95 "К.Курманбеков атындагы башталгыч мектебинин жылытуу системасынын капиталдык ремонттун бүткөрүү жөнүндө"токтомуПостановление