# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө"токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө"токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 08.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12659/edition/328141/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-апрелиндеги №127 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө"токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58970

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 8-апрели № 127

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Президентинин

2007-жылдын 4-июлундагы "Кыргыз Республикасында

администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра

уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын

аткаруунун жүрүшү жана администрациялык реформаны

терењдетүү боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы

№ 468 токтомуна толуктоо жана

өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Маалыматтык камсыздоонун колдонуудагы туруктуу системасын сактоо,

саламаттыкты сактоо индикаторлоруна көз карандысыз мониторинг жүргүзүү

саламаттык сактоо уюмдарында маалыматтык технологияларды ишке киргизүү-

нү улантуу, СПИДге каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды натыйжалуу коорди-

нациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы

"Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын

кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө" Жарлыгын аткаруунун

жүрүшү жана администрациялык реформаны терењдетүү боюнча чаралар туура-

луу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-октябрындагы № 468токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:

- көрсөтүлгөн токтомго № 2 тиркеменин 7-пункту "(2011-жылдын 1-ян-

варынан баштап жоюлууга тийиш)" деген сөздөр менен толукталсын;

- көрсөтүлгөн токтомго № 3 тиркеменин 5-пункту күчүн жоготту деп

табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги өзүнүн че-

чимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3 Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-

мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр И.Чудинов
