# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 118 "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 118 "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 118
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58961>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12653/edition/328134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58961.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 118 "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58961

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 4-апрели № 118

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө

ашыруудагы контролдук-кассалык машиналарды

колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контрол-

дук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекет-

тик комитетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши аталган

мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий

өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы

контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу

1-статья.

"Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруудагы контрол-

дук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-

замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин ведомосттору,

1994-жыл, N 3, 97-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирги-

зилсин.

1. 1-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "менчигинин формаларына кара-

бастан бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, алардын филиалдары жана

башка өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрү (мындан ары - ишканалар), ошондой эле" де-

ген сөздөр "менчигинин формаларына карабастан юридикалык жактар, алар-

дын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары (мындан ары - юридикалык жактар),"

деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2-статья. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу боюнча

юридикалык жана жеке жактардын милдеттери

Контролдук-кассалык машиналарды колдонуучу юридикалык жана жеке

жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1. Салык органдарында контролдук-кассалык машиналарды каттоо жана

пломбалоону жүргүзүүгө.

2. Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда оњ абалдагы,

белгиленген тартипте пломбаланган, салык органдарында катталган жана

эсептөөлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын тиешелүү эсебин камсыз кы-

луучу (контролдук тасмада жана фискалдык эстутумда эсептөө операцияла-

рын фиксациялоо) контролдук-кассалык машиналарды пайдаланууга.

3. Акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө сатып алуучуларга (кардарлар-

га) төлөө учурунда контролдук-кассалык машинага басылган чекти берүүгө.

4. Контролдук-кассалык машиналарды сатып алуу, каттоо, пайдалануу-

га киргизүү жана колдонууга байланыштуу болгон документтерди Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүүнү жана сак-

тоону камсыз кылууга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 6-статьясына ылайык

текшерүү жүргүзүүчү салык органдарынын кызмат адамдарына контрол-

дук-кассалык машиналарга тоскоолдуксуз жетүүнү камсыз кылууга, контрол-

дук-кассалык машиналарды пайдаланууга байланышкан документтерди аларга

берүүгө.

5. Контролдук-кассалык машиналарды алгачкы каттоодо же кайра кат-

тоодо салык органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен маалыматтарды

контролдук-кассалык машинанын фискалдык эстутумуна киргизүүгө жана фис-

калдык эстутумдагы топтоолорду алмаштырууга.

6. Сатып алуучуга (кардарга) көрүнүктүү жерге сатылып жаткан то-

варлардын бааларын (көрсөтүлүүчү кызматтардын прейскуранттарын) илип

коюуга, алар жарыяланган баалар менен тарифтерди ырастоочу документтер-

ге туура келүүгө тийиш.

7. Контролдук-кассалык машиналардын ички механизмине техникалык

тейлөө борборунун кызматкерлеринин киришин салык органдарынын кызмат-

керлеринин катышуусунда гана камсыз кылууга.

Эскертүү:

Фискалдык эстутум - контролдук-кассалык машиналардын курамында

программа-аппараттык каражаттардын комплекси, ал салыктарды туура

эсептөө максатында контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен

жүргүзүлүүчү акчалай эсептешүүлөрдү толук эсепке алуу үчүн зарыл болгон

ар бир суткалык (ар бир сменалык) өзгөртүлбөөчү каттоону жана жыйынтык-

тоочу маалыматтарды энергияга көз карандысыз узак мөөнөттө сактоону

камсыз кылат.".

3. 3-статьяда "каттоонун тартибин жана шарттарын" деген сөздөр

"колдонуунун, каттоонун жана пломбалоонун шарттарын" деген сөздөргө ал-

маштырылсын.

4. 4-статьяда:

статьянын аталышы "каттоо"" деген сөздөн кийин "жана пломбалоо"

деген сөздөр менен толукталсын;

биринчи бөлүк "каттоо" деген сөздөн кийин "жана пломбалоо" деген

сөздөр менен толукталсын.

5. 6-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Бул Мыйзамдын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2004-жылдын 25-июнундагы З N 1689-II

токтому менен бекитилген Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө

контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобого ылайык юридика-

лык жана жеке жактар пайдалануучу контролдук-кассалык машиналарды кат-

тоого жана пломбалоого.";

2-пунктта "ишканаларда" деген сөз "юридикалык жана жеке жактарда"

деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3-статья.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин

күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
