# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-апрелиндеги №114 токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-апрелиндеги №114 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 02.04.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/58957>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-12650/edition/328129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/58957.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-апрелиндеги №114 токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/58957

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 2-апрели № 114

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында минималдык эмгек

акы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоору

тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-статьясына ылайык Кыр-

гыз Республикасынын өкмөтү токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акы жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-

нин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри

аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган

учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасында минималдык эмгек акы жөнүндө

1-статья.

Минималдык эмгек акы (эмгек акынын минималдык өлчөмү) - нормалдуу

эмгек шартында жөнөкөй ишти аткарууда жумуш убактысынын нормасын толук

иштеп бүткөн квалификациясы жок кызматкерлердин эмгеги үчүн бир айлык

эмгек акынын гарантиялык өлчөмү.

2-статья.

Эмгек акынын кийинки жыл үчүн минималдык өлчөмү учурдагы жылдын

1-ноябрынан кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу

боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү келерки жыл үчүн эмгек акынын мини-

малдык өлчөмүн учурдагы жыл үчүн эмгекке жарамдуу адамдын жашоо миниму-

мунун өлчөмүнө карата эсептейт.

3-статья.

Эмгек акынын минималдык өлчөмү эмгек акынын төмөнкү чеги болуп

эсептелет. Эмгек акынын минималдык өлчөмүнө үстөктөр, кошумча төлөмдөр,

сыйлыктар жана башка көтөрмөлөөчү төлөмдөр кошулбайт.

4-статья.

Бул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

5-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык кел-

тирсин;

- төрт айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасында жашоо минимумун

эсептөөнү аныктоонун тартибин жана өлчөмүн белгилөөчү мыйзам долбоорун

иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине белгиленген

тартипте киргизсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
